Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган тасмалардын коллекциясы тартууланат

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүКадр из художественного фильма "Джамиля"
Кадр из художественного фильма Джамиля - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
DVD-коллекция Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Кинематография департаментинин биргелешкен долбоору болуп саналат.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалардын "Айтматов жана кино" деп аталган DVD-коллекциясы тартуулана турганын Кинематография департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, бет ачар азем Айтматовдун туулган күнүнө карата, 12-декабрда Кино үйүндө өтөт.

"Коллекцияга жазуучунун "Жамиля", "Эрте келген турналар", "Ашуу", "Кылым карытар бир күн", "Гүлсарат" чыгармалары боюнча тартылган сегиз тасма кирген", — деп айтылат билдирүүдө.

DVD-коллекция Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Кинематография департаментинин биргелешкен долбоору катары Тарых жана маданият жылына, ошондой эле кыргыз киносунун 75 жылдыгына арналган.

Жаңылыктар түрмөгү
0