Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Кыска метраждуу тасмалар фестивалында 26 фильм ат салышат

© Sputnik / Табылды КадырбековПресс-конференция "О программе кинофестиваля "Кыргызстан — страна короткометражных фильмов"
Пресс-конференция О программе кинофестиваля Кыргызстан — страна короткометражных фильмов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестивалдын байге фонду жалпысынан 400 миң сомду түзүп, ар бир номинациянын жеңүүчүсүнө 50 миң сомдон берилет.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 12-декабрында баштала турган "Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалар өлкөсү" аталышындагы кинофестивалында 26 фильм күч сынашат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн маалымат жыйынында КР Кинематографисттер союзунун төрагасы Таалайбек Кулмендеев билдирди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн маалымат жыйынында КР Кинематографисттер союзунун төрагасы Таалайбек Кулмендеев
Пресс-конференция О программе кинофестиваля Кыргызстан — страна короткометражных фильмов - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн маалымат жыйынында КР Кинематографисттер союзунун төрагасы Таалайбек Кулмендеев

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата уюштурулган фестиваль быйыл алтынчы жолу өткөрүлүп жатат.

"Фестивалда тасмалар эки сынактык программа менен көрсөтүлөт. Бири улуттук сынак, анда жалпысынан 12 тасма көргөзүлсө, эл аралык сынакта 14 тасма көрүүчүлөрдүн назарына коюлат. Бул тасмалар "Мыкты тасма", "Мыкты режиссер", "Калыстар тобунун купулуна толгон тасма" жана "Көрөрмандардын купулуна толгон тасма" өңдүү төрт номинация менен аныкталат ", — деди Кулмендеев.

Уюштуруучулардын айтымында, фестивалдын байге фонду жалпысынан 400 миң сомду түзүп, ар бир номинациянын жеңүүчүсүнө 50 миң сомдон берилет.

Калыстар тобунун курамында Кыргызстан, Молдова, Россия, Казакстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн өкүлдөрү бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0