Бишкекте жетим балдар үчүн кайрымдуулук фестивалы өтөт

Жазылуу
Иш-чаранын алкагында өнөрпоздор иш-чараны шаңга бөлөйт. Ошондой эле активист студенттер театрлаштырылган жаңы жылдык оюн-зоок тартуулайт.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Бүгүн Кыргыз-орус славян университетинин YES деп аталган жаштар парламентинин демилгеси менен борбордогу балдар үйлөрүндөгү жетим балдар үчүн кайрымдуулук фестивалы өтөт. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат борборунан билдиришти.

YES ар түрдүү иш-чараларды өткөрүп, социалдык долбоорлорду ишке ашырып келет. Ошондой иш-чаралардын бири — кайрымдуулук.

"Кайрымдуулук фестивалынын алкагында балдар жана шаар тургундары бишкектик ырчы жана бийчилердин катышуусундагы кызыктуу шоу-программага кубө болушат. Ошондой эле оюн-зоокторго катышып, байге жана белектерге ээ болушат", — деп айтылат маалыматта.

Иш-чарада окуу жайдын жаштар парламентинин катышуусундагы жаңы жылдык театрлаштырылган оюн-зоогу эң башкы окуя болмокчу. Фестиваль саат 12:00дөн 15:00гө чейин Шабдан баатыр жана Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан соода борборунун биринде өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0