Чүй камералык оркестри жаңы жылга карата тасмалардагы музыкаларды ойнойт

© Sputnik / Табылды КадырбековСкрипачки оркестра на концерте Никиты Борисоглебского репетируют перед выходом на сцену
Скрипачки оркестра на концерте Никиты Борисоглебского репетируют перед выходом на сцену - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Концерт 8-декабрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын кичи залында өтөт.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жаңы жылдык майрамдын алдында Чүй камералык оркестри классикалык музыкага арналган концерт берип, анда тасмалардагы музыкаларды да ойношот. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине оркестрдин дирижеру Евгений Гречко билдирди.

Концерт 8-декабрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын кичи залында саат 18.00дө өтөт. 

"Салтка айланып калгандай жаңы жылдык майрамдын алдында биз классикалык белгилүү ырларды да аралаштырганга аракет кылабыз. Алсак, Федерико Феллининин тасмасындагы Нино Ротанын мелодиясын уга аласыздар. Ага кошумча рождество музыкалары да ойнолот", — деди Гречко.

Мындан сырткары, концерттик программада Эдвард Элгар, Альдемаро Ромеро, Астор Пьяццолла, Дэвид Джонстоун жана башка белгилүү композиторлордун музыкалары жаңырмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0