Жети күндүк Манас айтуу жыйынтыкталып, Манас күнү белгиленет

© Sputnik / Табылды КадырбековСемисуточное сказание эпоса "Манас" в этнокомплексе "Супара"
Семисуточное сказание эпоса Манас в этнокомплексе Супара - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2015-жылы 4-декабрда "Манас" эпосунун күнүн белгилөө боюнча өкмөттүн токтому чыккан.

БИШКЕК. 4-дек. — Sputnik. Бүгүн жети күндөн бери "Супара" этнографиялык комплексте өтүп жаткан жети күндүк Манас айтуу иш-чарасы аяктап, филармонияда Манас күнү салтанаттуу белгиленет.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин айтымында, иш-чара саат 16-00дө башталып, ага бийлик өкүлдөрү, ЖК депутаттары, өнөр адамдары катышат.

"Салтанат "Манас" тасмасы менен ачылып, куттуктоолор менен коштолот. Театрлаштырылган оюн-зоокко Алтынбек Максутов режиссерлук кылууда", — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

"Манас" эпосунан үзүндү коюлуп, концертти филармониянын "Эл ырчысы Эстебес", "Эл шайырлары" фольклордук топтору менен "Ак Марал" бийчилер тобу, акындар, ырчылар коштойт.

Жети күн, жети түн тынбай айтылган Манасты Sputnik Кыргызстан агенттиги түз эфирден алып берүүдө. Видеону бул жактан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0