Урмат менен Неля: биздин чөйрөдө бирөөнүн курмандыгы болуп калышың толук мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековПраздничный концерт на площади Ала-Тоо в честь 25-летия независимости Кыргызстана
Праздничный концерт на площади Ала-Тоо в честь 25-летия независимости Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Журналист Гүлдана Талантбекова ата мекендик ырчылардын ортосунда куралган үй-бүлөнүн артыкчылыктары жана айырмачылыктары кандай болорун билип көрдү.
Неля мене Урматтын аткаруусундагы "Максат" аттуу чыгарма

Ырчы түгөйлөр чыгармачылыктагы ийгиликтеринен мурда бирин-бири тапкандыгы үчүн кубанышат. Нелянын кубулжуган үнү менен назиктиги, Урматтын сөзгө чечендиги менен таамай ою көптөрдү суктандырса керек.

— Неля, бүгүнкү туулган күнүңүз куттуу болсун. Айтсаңыздар, деги эле үй-бүлөдө даталуу күндөргө канчалык деңгээлде маани бересиздер?

— Неля: Рахмат!

Артист театра и кино, Народный артист Кыргызстана Асылбек Озубеков - Sputnik Кыргызстан
Асылбек Өзүбеков: эл кол чаап койсо эле кыйратыпмын деп жүрө бериптирмин
— Урмат: Негизи даталуу күндөр биздин үйдө өзгөчө маанай менен белгиленет. Бул биринчиден Нелянын демилгеси менен болот. Мен буга чейин туулган күнгө маани берчү эмесин. Айрым кездерде унутулуп калган учурлар болгон. Үй-бүлө кургандан кийин балдарыбыздын туулган күнүн белгилеп, аларга камданып, оюндагы нерселерин жасап отуруп өздүк майрамдарга көңүл бура баштадык. Биздики болсо чыгармачылык менен алпурушуп отуруп ар кайсыл жерде өтүп калган учурлар болгон. Алты-жети жылдан бери үй-бүлөбүз менен жакшы мамиледе жүргөн санаалаштар менен декабрь айынын шеринесин биз алып алганбыз. Ушунун баары Нелянын туулган күнүнүн урматына болот.

— Неля: Биздин үйгө конок көп келет. Меймандарды дасторконубузду жайып жылуу маанай менен тосуп алганга аракет кылабыз. 

© SputnikУрмат: Негизи даталуу күндөр биздин үйдө өзгөчө маанай менен белгиленет. Бул биринчиден Нелянын демилгеси менен болот
Эстрадный певец Урмат Усенов - Sputnik Кыргызстан
Урмат: Негизи даталуу күндөр биздин үйдө өзгөчө маанай менен белгиленет. Бул биринчиден Нелянын демилгеси менен болот

— Убакыт өткөн сайын жубайлар ортосунда жаңы ачылыштар болуп турат эмеспи. Урмат мырза, Нелянын талаптарын жакшы эле түшүнсөңүз керек?

— Мага тийиштүүсүн билем деп айта алам. Бирок дагы аялдын өзүнө гана тийиштүү нерселер бар. Кыз-жигиттеги мамиле менен үй-бүлө кургандагы мамиле таптакыр башка болот экен. Азыр экөөбүз бир бүтүн кишибиз. Ошондуктан бул билген нерсени мен билгенге, ал билгенди мен билгенге аракет жасайбыз. 

— Кечээ чалганда убактыңыздардын тар экенин байкадым. Бардык иштерге график түзүп аласыздарбы? 

Эстрадный исполнитель Гулжигит Калыков - Sputnik Кыргызстан
Гүлжигит Калыков: атамдан тартынып сахнада ачылып бийлей албай жүрөм
— Урмат: Чыгармачылык менен түшкө чейин алектенүү мүмкүн эмес. Күн тартиби эртең менен жети жарымда балабызды мектепке алып баргандан башталат. 11-12 чейинки убакта өзүмө тийиштүү болгон иштерди бүтүрүп алганга аракет жасайм. Түштөн кийин кызымдын бийи башталат. Экиден кечке чейин ыр жаздырып убакытты чыгармачылыкка арнайбыз. Кечки 17:00дөн баштап он экиге чейин иш убактыбыз башталат. Той-топурларда, кечелерде кызмат кылабыз дегендей. Экөөбүз дайыма чогуу жүрөбүз. Көбүнчө үлпөт тойлоруна кеминде силердей болсо экен деген тилек менен ырым кылып чакырышат. 

— Чечимдин көбүрөөк бөлүгүн Урмат мырза чыгарат окшойт. Кечээ маекке чакырсам Неля Урматтан сурап көрүңүзчү деди эле?

— Неля: Мен чындыгында иш графигин билбейм. Урмат мага каякта, кайсыл убакта, каерде болорун билип туруп кабар берет. 

© SputnikНеля: мен чындыгында иш графигин билбейм. Урмат мага каякта, кайсыл убакта, каерде болорун билип туруп кабар берет
Эстрадная певица Неля - Sputnik Кыргызстан
Неля: мен чындыгында иш графигин билбейм. Урмат мага каякта, кайсыл убакта, каерде болорун билип туруп кабар берет

— Урмат: Бул жазылбаган эрежелердин бири. Аял кишинин мындан башка түйшүгү жетиштүү. Үй-бүлө, бала-чака, алардын кийими, тамагы, тарбиясы, үйдөгү атмосфера аял кишинин көчөдөгү жумуштар менен алектенүүсүнөн бир аз алагды кылат. Ошондуктан чыгармачылыкка тийиштүү суроолордун баары менин милдетиме жүктөлүп калат. 

Нелянын аткаруусундагы "Кыз бурак" ыры

— 2005-жылы шоу-бизнестин жаңы агымы пайда болгондон тарта биз сиздерди популярдуу ырларыңыздан улам таанып баштадык. Ал эми сиздер таанышып калган күн эсиңиздердеби?

— Неля: Албетте. Алгач КТРдин алдында жолугуп, таанышканбыз. Андан кийин чыгармачылыкта тыгыз байланышта болуп жүрдүк. Себиби Урмат менин көптөгөн ырларымдын автору, обонун чыгарган. Ошентип чыгармачылыкка байланыштуу көбүрөөк иштешип калдык. Жакшы мамиледен достукка, андан кийин сүйүүгө, анан үй-бүлөгө айланды. Кудай буюрса, үйлөнгөнүбүзгө сегиз жыл болуптур. 

— Ал убакта ийгилик экөөңүздөргө тең жылмайды окшойт?

Индияда өткөн Missis Top of the World – 2016 сынагынан бешинчи орунду багындырган Наргиза Осмонова - Sputnik Кыргызстан
Сулуулук сынагын жеңген таене: аялдын ажарын күйөө ачат
— Урмат: Негизи ошол убак шоу-бизнестеги жаңы агымдын агылып кириши болду окшойт. Ал учурда чыккан ырчылардын ырларынын көбү ар бир адамдын жүрөгүндө жана кулагында калды. Менимче, ошол убактагы угармандын, көрөрмандын, коомдун талабына туш келип калгандайбыз. Бизге чейинки ырчылар өзүндө болгон продукцияларын баарын угарманга берип боштук пайда болгондо биз чыктык. Азыр салыштырып көрсөк, бизди эл башкача кабыл алыптыр. Концерттер дагы башкача маанайда өтчү эле. Азыр "мен" деген мега жылдыз концерт койбосун, көрөрмандан ашыкча эмоцияны көрүүгө болбойт. Токтоолук бар. Бул нерсени коомдун өзгөрүшү, өсүшү катары да караса болот. 

— Ошол мезгилден бери атыңыздарды жоготпой, бирок жай темпте иштеп келесиздер? Бул убакыттынын жоктугубу же каалоонун басаңдашыбы?

— Урмат: Бул биздин — максатыбыз. Себеби ашынып, алдыга озуп чыгып, башкалардан өзгөчөлөнүп лидерликке талпынбайбыз. Ошол эле мезгилде такыр эле көңүл бурбай кайдыгер мамиле жасагандан дагы алыспыз. Чыгармачылык бул жашоодогу бир маанилүү миссияларыбыздын бири экендигин түшүндүк. Кудай таалаам бизге ушуну насип кылган экен. Чыгармачылыктагы зыяндуу нерселерден алысыраак болуп колдон келишинче пайдалуурак жагын көздөгөнгө аракет жасап иштеп келебиз. Ушул бир калыптагы темп жагат. Анан мага жаккан нерсе Неляга да жагат. 

Урматтын аткаруусундагы "Тумар кыз" аттуу чыгарма

— Урмат мырза, сизди сөзгө чечен жана принципиалдуу теле алып баруучу катары да билебиз. Өзүңүзгө ырчылык жакынбы же алып баруучулукпу? 

Стилист, дизайнер одежды Замира Молдошева - Sputnik Кыргызстан
Дизайнер Замира Молдошева: ырчылардын талантына карап туруп стилине киришем
— Чыгармачылыктын башаты менде алып баруучулуктан башталган. Бул мен үчүн бир тепкич болуп берген. Мүмкүнчүлүк боло калган учурда, ылайыгы келген долбоорго жок дебейм. Азыр деле анча-мынча жыйындарды, чыгармачылык кечелерди алып барып жүрөм. Алып баруучулук өзүнчө бир эргүү. Себеби кесибим ушуну талап кылган. Кесибим боюнча кыргыз жана түрк тил адабияты боюнча тилчимин. Ал кесип беш жыл бою адабиятка үңүлгөнгө, көркөм адабиятка сүңгүгөнгө мажбур кылган. Кааласаң, каалабасаң дагы ошол базаны колдонгонго туура келет. Сүйлөө, алып баруу окуу жайдан алган табылгам, ал эми ырдаган, ыр жазуу көкүрөгүмдөгү нерсе. 

— Бирок үйдөгү маселени жалпак тил менен чечсеңиз керек?

— Неля: Конфликт дегенге жол бербегенге аракет жасайбыз. Биздин уруштар балдар сыркоолоп калганда болушу мүмкүн. Жыл өткөн сайын аял-күйөөсү эмес, бир туугандай болуп баратабыз. Мындайча айтканда ортодо жашыра турчу деле эч нерсе болбой калат экен.

— Урмат: Сегиз жыл бирге жашоо аз эле убакыт болсо керек. Кудай буюрса, аманчылыкта отуз-кырк жыл чогуу жашап, ошондогу сезимдерди, татаалдыктарды, ырахатты эл менен бөлүшсөкпү дейм. Бул жөнүндө жаштарга үлгү катары китеп жазгым келет. Азыр деле социалдык тармактарга өз оюмду жазайын десем сөздөр узун болуп кетет. Андай узун ойду эл кабыл ала бербейт. Ошондуктан көп жылдык жашоодон кийин психологиялык өңүттө эмгек жазсамбы дейм. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган майрамдык концерт
Праздничный концерт на площади Ала-Тоо в честь 25-летия независимости Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган майрамдык концерт

— Балдарды кандай ыкма менен тарбиялайсыздар? Силер деле еврейлердин айрым принциптерин колдоносуңарбы? Эл катары балдарды анда-санда эмдеп-домдоп койгон учурлар болобу?

Кыргызстанская эстрадная исполнительница Жийдеш Идирисова - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Жийдеш Идирисова: мен Нюшаны туурабайм!
— Неля: Еврейлердин балдарга мотивация бере турчу айрым гана ыкмаларын колдонсок керек. Балдар менен көбүнчө мен жүргөндүктөн болушунча жакшы тарбия бергенге аракет жасайм. Баланын өзүнөн да болот окшойт. Эркек балабыз абдан боорукер, мээримдүү. Сүрөттү да атасындай жакшы тартып, жеке көз карашын чагылдыра алат. Кызыбыз, тескерисинче, шамдагай, эптүү. Атасынын кызы (күлүп). Балдар азыр кандай гана маалымат болбосун тез сиңирип, көргөн нерсесин кылышат. Ошондуктан коомдогу негативдүү окуялардан коргогонго аракет жасайбыз. 

— Урмат: Баары эле билсе керек, балдарыбызды гезит-журналдарга, телеге, социалдык тармактарга чыгарбаганга аракет кылабыз. Бул нерсени ар ким ар кандай түшүнүшү мүмкүн. Биз балдарыбыз кадимки бала катары, элдин баласы катары эркиндикте өсүшүн каалайм. Себеби биз өзүбүз жүргөн чөйрөнүн канчалык деңгээлде терс жагы бар экенин жакшы билебиз. Ачыгын айтканда, биздин чөйрөдө өзүңдү коргоп калбасаң, бирөөнүн курмандыгы болуп калышың мүмкүн. Ар бир кадамыңды абайлап таштабасаң, аркаңдагы изиңди сүртө жүрбөсөң бул өтө терс чөйрө. Мындай учурларда балдарыңа зыяны тийип калбасын деп ойлойт экенсиң. 

— Алдыда кандай пландарыңыздар бар. 10-15 жылдан кийин өзүңөрдү үй-бүлөлүк, чыгармачылык планда кандай элестетесиңер? 

— Неля: Кудай буюрса, көп балалуу болгубуз келет. Тилек кылса кудай берет десек, уулум чуркап келет "мен тиледим, эми качан бала болот" деп. Кызым дагы куурчагын көтөрүп алып тамагын берип жүрөт. Төрөсөм өздөрү эле багып коет экен деп калам. Көп бир тууган болгондун жакшы жактары көп экен. Небере-чөбөрө жытын жыттап, очор-бачар болгон күндөрдү көп кыялданам. 

Чыгармачылыкта иштеп жүргөнүбүздө он жыл болуптур. Буюрса, келе жаткан жылы өзүбүздүн жеке концертибизди берип чыгармачылык отчет катары күйөрмандарыбызга жакшы маанай тартуулайбыз деп жүрөбүз. Азыр жаңы ырлар жазылып, клипке даярдыктар көрүлүп жатат. 

КРдин Эл артисти, ырчы Гүлнур Сатылганова - Sputnik Кыргызстан
Гүлнур Сатылганова: кыялымдагы мырзаны жолуктура алган жокмун
— Урмат: 10-15 жылдан кийин кудай буюруп аманчылык берсе азыркы күндөгүдөй эле болсо дейм. Үй-бүлөнүн аманчылыгын, алдыдагы жакшы иштерди жатып-туруп тиленебиз. Балким мындан беш жыл мурун чыгармачылыкка убактылуу кызыгуу, башка жактан өзүңдү алаңдап изденген учурлар болгон. Бүгүнкү күндө жеткен ийгиликтер чыгармачылыктын аркасынан болуп келе жатат. Керек болсо чыгармачылыктын аркасынан бири-бирибизди таптык. Болгону чыгарма жаратаарда башкалардын ою, сезими, дарты тууралуу эсептешкенди биле жүрүш керек экен. Анын ичинен пропаганданы азайтып, арманды чектеп, негативди көзөмөлдөш керек экен. Себеби биздин ырдаган ырларыбыз кээ бирлерге зыян алып келип коюшу мүмкүн. Кээ бирлерин бактылуу кылып коюшу ыктымал. "Силердин ырыңар менен бири-бирибизди табышканбыз, силердин ырыңар биздин бактыбызга орток" деген учурлар болгон. Бул албетте, бизди талпынтат, шыктандырат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0