Тажик жана өзбек палоосу ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилди

© Sputnik / Дмитрий Коробейников / Медиабанкка өтүүУзбекский плов.
Узбекский плов. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбек палоосу күнүмдүк даярдалчу тамактардын катарына кирип, мындан сырткары өзгөчө учурларда басылат.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Тажикстандын жана Өзбекстандын палоосу ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилди. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайты маалымдады.

Тажикстанда оши-палав (палоо) тамагы салттуу тамак болуп эсептелет. Жергиликтүү калк оши-палавды "тамактардын падышасы" деп атайт. 

Оши-палавга күрүч, эт, май жана ар түрдүү жашылча, кошулмалар кошулуп, 200 түрдө даярдалат. 

"Салттуу тамак аш-тойлордо, сый конокторго жасалып, ар түрдүү коомдогу адамдардын башын бириктирет", — деп жазылат маалыматта.

Сары-Челек көлү жана тоолор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үч мамлекеттин арызынын негизинде Батыш Тянь-Шань ЮНЕСКОнун тизмесине кирди
Мындан сырткары, ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине өзбек палоосу да киргизилди. 

Өзбек палоосуна деле тажиктердин оши-палавындай күрүч, эт, май жана жашылчалар кошулат. Өзбек палоосу күнүмдүк даярдалчу тамактардын катарына кирип, мындан сырткары куран окуткан, жакырларга жардам берген өзгөчө учурларда басылат.

"Палоо басуу салты ар бир үй-бүлөдө сакталып кийинки муунга өткөрүп берилет. Бул салт карым-катышты бекемдеп, элдин маданиятынын бир бөлүгү болуп саналат", — деп жазылат ЮНЕСКОнун расмий сайтынын маалыматында.

Жакында эле ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине Кыргызстан, Азербайжан, Афганистан, Индия, Иран, Казакстан, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн Нооруз майрамы жана каламасы киргизилген.

Кыргызстандын маданий мурастары тууралуу Sputnik Кыргызстандын инфографикасынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0