Кыргызстандык жаш таланттар Нью-Делиде комузда кол ойнотту

© Фото / пресс-служба МИД КР"Балажан" республикалык эстетикалык балдар борборунун тарбиялануучулары Делиде өткөн искусствонун эл аралык фестивалында
Балажан республикалык эстетикалык балдар борборунун тарбиялануучулары Делиде өткөн искусствонун эл аралык фестивалында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чыгармачыл балдардын жамааты кыргыздын улуттук бийлерин аткарып, андан сырткары комузда чеберчилик менен кол ойнотту.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. "Балажан" республикалык эстетикалык балдар борборунун тарбиялануучулары Делиде өткөн искусствонун эл аралык фестивалына катышты. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. 

Мүмкүнчүлүгү чектелген Тумар бийчилер тобу Česko Slovensko má talent сынагында - Sputnik Кыргызстан
Словакиядагы сынакта мүмкүнчүлүгү чектелген "Тумар" бийчилер тобу 3-орунга ээ болду
Кыргызстандык жаш таланттар Нью-Дели шаарындагы "Камани" деп аталган жайда көрүүчүлөрдү чеберчилик менен комузда кол ойнотуп таңгалдырган. Балдар ошол эле күнү Иран менен Норвегиядан келген курбалдаштары менен чогуу сахнага чыккан. 

"Жаш толкун", "Реновацио" жана "Нурдан" деп аталган балдардын чыгармачыл жамааттарынын өкүлдөрү улуттук, заманбап бийлерди тартуулаган. Мындан сырткары Кыргызстанга арналган мекенчил ырларды аткарган. 

ТИМден "Балажан" тарбиялануучулардын өзгөчө комузда кол ойноткон таланты дипломатиялык корпустун өкүлдөрү менен искусство күйөрмандарын кайдыгер калтырган жок деп билдиришти. 

Жаңылыктар түрмөгү
0