Жамал Сейдакматовага арналган документалдуу тасма көрсөтүлөт

© Фото / Шалтаев МуратКино жана театр актрисасы Жамал Сейдакматова. Архив
Кино жана театр актрисасы Жамал Сейдакматова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2016-жылы актриса чыгармачылык ишмердүүлүгүнүн 60 жылдыгын белгилеген.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. 1-декабрда Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө белгилүү актриса Жамал Сейдакматовага арналган "Менин атым Ысык-Көл" аттуу документалдуу тасманын бет ачары болорун Кинематография департаменти билдирди.

Аталган тасма театр жана кино тармагындагы белгилүү актриса, Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматованын чыгармачыл жолуна арналган. 2016-жылы актриса чыгармачылык ишмердүүлүгүнүн 60 жылдыгын белгиледи.

Документалдуу тасма Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын колдоосу менен режиссер Дальмира Тилепбергенова тарабынан тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0