Бишкекте композиторлордун жумалыгы өтөт

Жазылуу
Иш-чара Кыргызстандагы композиторлордун демилгеси менен 5-декабрдан 11-декабрга чейин өтмөкчү.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда композиторлордун жумалыгы өткөрүлөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара Кыргызстандагы композиторлордун демилгеси менен 5-декабрдан 11-декабрга чейин өтмөкчү.

Маданият министрлиги өтө турчу концерттердин расписаниесин жарыялады:

  • 5-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын чоң залында академиялык симфониялык оркестринин концерти. Башталышы саат 11:00;
  • 6-декабрда Кыргыз улуттук филармониянын кичи залында камералык хордун концерти. Башталышы саат 17:00;
  • 7-декабрда Павел Шубин атындагы музыкалык мектептин концерттик залында камера-инструменттик музыканын кечеси өткөрүлөт. Башталышы саат 16:00;
  • 8-декабрда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында кыргыз композиторлорунун кечеси өтөт. Башталышы саат 17:00;
  • 9-декабрда Павел Шубин атындагы балдар музыкалык мектебинде Кыргызстандын композиторлорунун концерти уюштурулат. Башталышы саат 16:00;
  • 10-декабрда Т. Чокиев жана Г. Эсенгулованын аткаруусунда "Алтын уя" балдар опереттасы өтөт. Башталышы саат 11:00;
  • 10-декабрда Насыр Давлесовдун "Аста секин, колукту!" музыкалык комедиясы болот. Башталышы 11:00;
  • 11-декабрда композиторлордун Союзунда жалпы өлкөнүн композиторлорунун пленардык жыйыны өтөт. Башталышы саат 11:00дө болмокчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0