MC_doncha видеосун көргөн орус жылдызы сахнадан кетем деп тамашалады

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүРоссиянын белгилүү ырчысы, "Чай вдвоем" тобунун мурдагы мүчөсү Стас Костюшкин. Архив
Россиянын белгилүү ырчысы, Чай вдвоем тобунун мурдагы мүчөсү Стас Костюшкин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык вайнердин видеоролиги социалдык тармакта популярдуулугу жогорулоодо. Роликти Instagram баракчасынан көргөн адамдардын саны миллиондон ашкан. Оригиналдуу видеороликтерин Россиянын белгилүү артисттери Тимати, Михаил Галустян, Кэти Топурия бөлүшүп, жагымдуу пикирлерин калтырган.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Россиянын белгилүү ырчысы, "Чай вдвоем" тобунун мурдагы мүчөсү Стас Костюшкин кыргызстандык вайнер Данияр Токтомамбетовдун (MC_doncha) видеосун өзүнүн Instagram баракчасына бөлүшүп "Сахнадан кетээрин айтып тамашалаган".

Всё!! Я ухожу из попсы!!! Есть уровень, которого мне никогда не достичь 🙈P.S многие пишут, что уже видели, и это старьё. В этом случае, просто листаем дальше 😉

 

Ырчынын мындай билдирүүсү тамаша экенин бардыгы эле биле берген жок. Арасында ишенгендер да болду.

Вайнер из Кыргызстана Данияр Токтомамбетов - Sputnik Кыргызстан
Тимати менен Галустяндын мактоосуна татыган кыргызстандык mc_doncha
Социалдык тармакта пайда болгон видеого Костюшкин тамаша иретинде мындай роликти көргөндөн кийин "сахнаны таштап кетүүдөн башка арга жок" деген оюн билдирген.

MC_doncha деген лакап ат менен интернет жылдызына айланган Данияр Токтомамбетовдун роликтери Кыргызстанга гана эмес россиялыктарды да багынтууда.

Анын Instagram баракчасына жүктөгөн оригиналдуу видеороликтерин Россиянын белгилүү артисттери Тимати, Михаил Галустян, Кэти Топурия бөлүшүп, жагымдуу пикирлерин калтырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0