"Сейде" тасмасы Берлиндеги фестивалдан олжолуу кайтты

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүБерлин шаарына көрүнүш. Архив
Берлин шаарына көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык тасма буга чейин да көптөгөн эл аралык фестивалдарга катышып келген. Ноябрдын башында эле Түштүк Кореяда өткөн "Азиана" кинофестивалында баш байгеге татыган.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Өспүрүм кыз тууралуу тартылган кыска метраждуу "Сейде" тасмасына Германияда өткөн Interfilm Film Festival сынагынын жыйынтыгы менен мыкты кинематография үчүн байге ыйгарылды. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтында айтылат. 

Фестиваль 14-20-нобярь күндөрү Берлин шаарында болду. Режиссер Элнура Осмоналиеванын "Сейдесинен" тышкары алты номинация боюнча сынакка катышуу үчүн 70 мамлекеттен 600 тасма арыз тапшырган.

Осмоналиева расмий баракчасында режиссер катары салтанаттуу иш-чарага катыша албай калганын айтып, байгени анын атынан Алтынай Мырзабекова алганын кошумчалады. 

Президент Алмазбек Атамбаев Ата керээзи тасмасын тарткандарды кабыл алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев "Ата керээзи" тасмасын тарткандарды кабыл алып, кол саат белек кылды
Кыргызстандык тасма буга чейин да көптөгөн эл аралык фестивалдарга катышып келген. Ноябрдын башында эле Түштүк Кореяда өткөн "Азиана" кинофестивалында баш байгеге татыса, ага чейин Канн фестивалынын кыска метраждуу тасмалар программасына кирген. 

14 мүнөткө созулган кыска метраждуу тасма алыскы айылда жашаган Сейде аттуу кыз менен анын жакшы көргөн аты туурасындагы окуяны баяндайт. 

"Сейде" тасмасынын дүйнөлүк премьерасы былтыркы жылдын сентябрь айында Венецияда өткөн эл аралык кинофестивалда тартууланган. Андан кийин АКШнын Санденс шаарында жана Франциянын Клермон-Ферране шаарында өткөн эл аралык фестивалда көрсөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0