Атамбаев "Ата керээзи" тасмасын тарткандарды кабыл алып, кол саат белек кылды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев "Ата керээзи" тасмасын тарткандарды кабыл алуу учурунда
Президент Алмазбек Атамбаев Ата керээзи тасмасын тарткандарды кабыл алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушуу учурунда Атамбаев тасманын режиссерлору Бакыт Мукулду, Дастан Жапар уулун жана башкы каарманды ойногон Ыйманберди Мукулду куттуктады.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "Ата керээзи" тасмасын тарткандарды кабыл алып, президенттик кол саат тапшырганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Торжественная церемония закрытия 23 Международного кинофестиваля Листопад в Минске - Sputnik Кыргызстан
"Ата керээзи" Минск шаарында өткөн фестивалда үч байгеге татыды
Жолугушуу учурунда Атамбаев тасманын режиссерлору Бакыт Мукулду, Дастан Жапар уулун жана башкы каарманды ойногон Ыйманберди Мукулду куттуктады. Жакында эле аталган тасма Монреалда өткөн "А" класстагы кинофестивалдын эл аралык конкурунда "Алтын зенит" сыйлыгына татыган болчу. Буга чейин да бир нече эл аралык конкурстарда байгелүү оюндарды алган.

Атамбаев ошондой эле жакында эле Москва шаарында кесипкөй дизайнерлердин Надежда Ламанава атындагы конкурстун баш байгесин алган дизайнер-модельер Аида Робертованы да куттуктады.

Эскерте кетсек, "Ата керээзи" фильми Кыргызстандын атынан "Оскар" сыйлыгынын узун тизмесине киргизилген. Мындан тышкары, картинанын "Алтын глобус" сыйлыгы үчүн сынакка катышуусуна аракеттер көрүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0