Башканы коюп, Манасты айт! Бишкекте жети күндүк Манас айтуу өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековСемисуточный айтыш эпоса "Манас" в Бишкеке
Семисуточный айтыш эпоса Манас в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жети күндүк Манас айтуу "Супара" комплексинде өтүп, 4-декабрда жыйынтыкталат.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Борбор калаада үстүбүздөгү жылдын 27-ноябрынан баштап "Башканы коюп, Манасты айт" аттуу жети күндүк Манас айтуу иш-чарасы өтө турганын белгилүү манасчы Улан Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, салтка айланып жыл сайын өтүп келген тынбай Манас айтуу быйыл Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, "Саякбай манасчы" эл аралык фондусу жана "Супара" этнографиялык комплекстин колдоосу менен тартууланмакчы.

"Иш-чараны аксакал манасчы Сапарбек Касмамбетов баштап берет. Күн-түн дебей бири-бирибизди улап айтабыз. Манасчылардын дээрлик баарынын катышуусу күтүлүп жатат", — деди Исмаилов.

Жети күндүк Манас айтуу "Супара" комплексинде өтүп, 4-декабрда жыйынтыкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0