Асылбек Өзүбеков: эл кол чаап койсо эле кыйратыпмын деп жүрө бериптирмин

© Sputnik / Табылды КадырбековАртист театра и кино, Народный артист Кыргызстана Асылбек Озубеков
Артист театра и кино, Народный артист Кыргызстана Асылбек Озубеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз журтчулугуна аттын кашкасындай таанымал театр артисти, улуттук кинонун чебери, белгилүү обончу, кайгы-муң ырларынын рыцары, КР Эл артисти Асылбек Өзүбеков менен журналист Гүлдана Талантбекова маектешти.
Асылбек Өзүбеков: "Таппай жүрөмдү" уккандар залдан ыйлап чыгышчу

Өнөр ээси эмне себептен "Таппай жүрөмдү" укканда режиссер өксүп ыйлаганын, эмне үчүн "Гүлдөй жан байке" атка конгондугу жана элден жашырбай турчу сырлары менен бөлүштү.

— Агай, алтымышка жакындап калсаңыз да жүрөгүңүз жаш. Дайыма шайыр жүрөсүз, мүнөзүңүз жайдары, жөнөкөйсүз…

Трехкратный чемпион мира по бильярдному спорту Каныбек Сагынбаев - Sputnik Кыргызстан
Каныбек Сагынбаев: жоопкерчилик, сарсанаа менен жүрүп 5 кг арыктап, ооруп да калдым
— Турмушта жөнөкөй жүргөнгө эмне жетсин. Көчөдө тааныбагандар болсо деле каткырышып жүрө берем. Машинеде кетип баратып жол чырактан токтосоң оң жагыман дагы, сол жагыман дагы терезелерин ачып алышып "Асылбек байкеее" деп кыйкырышат. Зерикпей эле "Оо кандайсыңар" деп сүйлөшө берем. Алар жакшы көрүп, сыйлап, урматтап учурашып жатышат да. Аккула ат майданына көк бөрүгө барганда он миңдей кишинин алдында туруп алып көп жылдан бери жалгыз баяндайм. Алар менен деле эски тааныштай бакырышып-кыйкырышып, анекдот айтышып, ырдап берип жүрө берем. Жашоодо эл менен болсоң сени бир туугандай көрүшөт. 

— Сизди бир эле учурда обончу, ырчы, кино жана театрда артист, журналист, улуттук оюндардагы көк бөрүнүн баяндамачасы катары да билебиз. Бул өнөрлөрдүн кайсынысы сизге жакын сезилет?

— Негизги кесибим боюнча актермун. Ташкенттеги театралдык институттун театр жана кино актеру бөлүмүн бүтүргөндөн кийин академиялык кыргыз драма театрында он жылдан ашык иштедим. Өтө бир сүйүнүп эстегеним мыкты режиссерлор менен иштешип, мен-мен деген драматургдардын чыгармасында ойноп калдым. Залкар адамдардын таланты чыгармачылык жолумдун калыптанышына өтө чоң таасир калтырды. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКР Эл артисти Асылбек Өзүбеков: студенттик күндөрү Ташкентте гитара көтөрүп алып эле группанын арасында күнү-түнү ырдап жүрчүбүз
Артист театра и кино, Народный артист Кыргызстана Асылбек Озубеков - Sputnik Кыргызстан
КР Эл артисти Асылбек Өзүбеков: студенттик күндөрү Ташкентте гитара көтөрүп алып эле группанын арасында күнү-түнү ырдап жүрчүбүз

— Ырчы, обончу катары басып өткөн жолуңуз да бизди кызыктырат?

— Азыркы Мукаш Абдраев атындагы окуу жайда беш жыл билим алгам. Ошол жактан нотаны таанып, инструмент эмне экенин билип ырчылык көрөңгө пайда болду. Ыраматылык апам "ушул үйрөнсүн, келечегине бир пайдасы тийсин" деп тагдыр жолумду буруптур. Бул менин бактым болду. Ошондуктан түпкүрүмдө музыкага болгон жакындык ырчылыкка жетеледи окшойт. Студенттик күндөрү Ташкентте гитара көтөрүп алып эле группанын арасында күнү-түнү ырдап жүрчүбүз. Чыныгы чыгармачылык театрда иштеп жүргөндө калыптанды. Бир чындыкты айта кетейин. Биздин режиссерлор ырдаганга уруксат бербей "концерттерге катышпагыла, силер деген профессионалдуу актерсуңар, оюңар бир гана сахнада болсун" деп турушчу.

— Бирок сиз ошого карабай ырчылыкка бет алдыңыз. Кандайча?

Стилист, дизайнер одежды Замира Молдошева - Sputnik Кыргызстан
Дизайнер Замира Молдошева: ырчылардын талантына карап туруп стилине киришем
— Рыспай Абдыкадыров, Түгөлбай Казаков, Асанкалый Керимбаевдин ырларын угуп алып, мен дагы ушундай обон чыгарсам деп жүргөндө кайрыктар пайда боло баштады. 1984-жылдары акырын радиого барып аккордеон менен "Өмүр" деген алгачкы ырымды, Сооронбай Жусуевдин сөзүнө жазылган "Кош жылдызды" жаздырып салдым. Анан эфирден ырларым абдан катуу кетти. Жетекчилик дагы "ой, сен жакшы ырдайт турбайсыңбы, обон да чыгарат экенсиң, мейли ырда" деп уруксат беришкен. Ошентип актерлук кесибимен сырткары ыр дүйнөсүнө аралаша баштадым.

— Сизди кайгы-муң ырларынын рыцары деп айтып коюшат эмеспи. Жеке оюнуз кандай? Эмне себептен сизден шаңдуу ырлар жаралган эмес?

— Арзуу, арман, сүйүүнүн, кайгы-муң ырларынын рыцары деп жүрүшөт. Кээде чыгармачыл адамдарды мындай сөздөр дал келгенсип ээрчип калат экен. Мен эфирге чыкканда ошол убактагы режиссерлор Искен Рыскулов, Мелис Шаршембаевдердин спектаклиндеги башкы каармандардын ролун ойноп калдым. "Тема" деп коебуз, анда бир спектаклдин өзөгүн түзгөн каармандын ички дүйнөсүн коштой турган обондун кайрыктары керек болуп калышы мүмкүн. Маселен "Кош жылдыз" эмнеден жаралды дешиңиз мүмкүн. Режиссер Мелис Шаршембаев Мырза Гапаровдун "Биздин үйдүн Карлсону" спектаклинде алоолонгон сүйүүнүн жолу менен келип, айрылыш жолго түшкөн эки адамдын тагдыры бар болчу. Ошого обон жазып көрчү деди. Сөздөрүн издеп отуруп Сооронбай Жусуевдин сөзү төп келди. Ырдап берсем аябай жактырды. Анан оркестрге салып спектаклге колдонуп, Жамал Сейдакматова, Имаш Эшимбеков деген эки актер ойноп чыкты. Бул ырдын тарыхы жакшы болду. Андан кийин "Шантель" тобу, Эрмек Мойдунов, мен Жылдыз Тутуева менен ырдап чыктым. Төлөмүш Океевдин "Сүйүү закымы" фильминде ушул ырдын мотиви кетип турат. Бул жерде сагыныч, арман, айрылышуу, кусалык, өкүнүү — деги койчу бардыгы бар. 

— Агай сөзгө улай эле жүрөк сыздаткан "Таппай жүрөм" ырынын тарыхын айта кетсеңиз?

Актер жана режиссер Аскат Сулайманов маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Аскат Сулайманов: чоң акчага карабай ачык эпизодго тартылуудан баш тартып келем
— Режиссер Искен Рыскулов Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" чыгармасы боюнча спектаклин коюп калды. Ал жерде Абуталипти репрессияга алып кетип Зарипа балдары менен жалгыз калат. Режиссер ушул айымдын ички дүйнөсүн ачыш керек болуп жатат дегенинен китептин баарын казып отуруп Өмүркул Кулумбаевдин "Таппай жүрөм" ырынын сөзүн таап алып режиссерго ырдап берсем "өлдү, укмуш, ушул гана ыр жарайт" деди. Анан Зарипа бул ыр менен балдарын поезд жолунда жалгыз жетелеп алып өткөндө залда отургандардын баары ыйлашчу. Эң кызыгы Искен Рыскулов мага ички дүйнөсүн айткан жок. Бирок кайсы жерде болбосун, аккордеонду алдырып алып ырдата берчү. Бир жолу Ноокатта командировкада жүргөндө алма бактын ичине чакырып алып "ырдачы" дегенинен ырдап жатып бир маалда карасам көзүнөн жаш агып атыптыр, токтоп калсам "кайра баштачы" дейт. Кайра башынан түшсөм жымжырт жерде дагы ыйлап көзүн аарчып "рахмат…бара бер" деди. Ичинде эмне болгонун билбейм, дагы эле ал киши көз алдымдан кетпейт. Андан кийин бул ырды Роза Шакировага какшап жүрүп "сенин үнүңөн угуп жатам, ыр спектаклде калып калды, ырдап чыксаң боло" деп аркасынан бир-эки жыл жүрүп ырдаттым. Бир күнү келиптир ырды жаздырдым деп. Угуп көрүп радиого бер, эми карап тур, көрөсүң дегем. Анан баягы "Таппай жүрөм" менен Роза жарк этип эле чыга калды. Анан "ии айтсам укпайсың" десем, "эми түшүндүм, сиздин ырлардын баарын ырдайм" деп анан ырларымды чекесинен ырдап жүрбөйбү.

Асылбек Өзүбеков "Карындашым" ырын жандуу аткарып берди

— Сиз анда атайын ыр жаздырбай эле аткарыла турчу ролдорго карап ырдайсыз десем жаңылышпаймбы?

— Ооба. Анткени жан дүйнөм менен лирикага жакынмын. Обон жазаарда сөздөрдү таап, алар аркылуу образдарды издейм. Мисалы сизди көрүп тагдырыңызды өз фантазияма салып ыр дүйнөсүнө кирем. Ошону менен анан кайгылуу кайрыктар жаралып кетет. Көбүнчө ички сезимдерди кытыгылагым келет. Шаттуу ырларды жазганга аракет кылдым, бирок болгон жок.

— Жашооңузда сүйүү, кайгы-муң көбүрөөк болгон десек жаңылышпайбызбы? Анткени ырчынын ырлары деле тагдырына үндөш болот экен?

— Сурооңузду түшүндүм. Албетте, ар бир адамдын ички сезими болот. Алгач эле бир нерсени ачык айтып алайын. Тогузунчу класстан баштап сүйлөшкөн классташым менен кырк жылдан бери жашап келе жатам. Турмушта өйдө-төмөн нерселер, тартыш, ызы-чуулар болду. Акыры бири-бирибизди кечириштик. Көбүнчө ал мени кечирип, көтөрмөлөп, аяды. Мүдүрүлсөм тиземди сүртүп келинчегим Сүйүн ушул кезге чейин келе жатат. Мага көп жерден чыдады, көтөрдү, бул — чындык. Ал эми ортодо жылт эткен эркектик сезимдер менен оңго-солго адашып кеткен учурлар болду. Аны мен жашырбайм. Эл мени билет. Жалындаган отуз жаш, күйүп турган кырк жаш, элүү жаштагы убактың болот экен. Кээде назарың түшкөн убакта ыр чыгарып жиберген учурлар кездешет. Токсонунчу жылдары Мурат Мамбетовдун сценарийи боюнча "Аян" деген көркөм фильм тартканбыз. Ошондо башкы ролго Маржан аттуу казак кыз келип, мен жактырып калгам. Бирок ал кыз тартуу иштери аяктаганда кетти. Мен ошол боюнча аны көргөн жокмун. Анан кыйналып кеткенде "01-02-03 алло мен, мен өрттөнүп барам, мен күйүп барам" деген ыр жаралган. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАсылбек Өзүбеков: тогузунчу класстан баштап сүйлөшкөн классташым менен кырк жылдан бери жашап келе жатам. Турмушта өйдө-төмөн нерселер, тартыш, ызы-чуулар болду. Акыры бири-бирибизди кечириштик
Артист театра и кино, Народный артист Кыргызстана Асылбек Озубеков - Sputnik Кыргызстан
Асылбек Өзүбеков: тогузунчу класстан баштап сүйлөшкөн классташым менен кырк жылдан бери жашап келе жатам. Турмушта өйдө-төмөн нерселер, тартыш, ызы-чуулар болду. Акыры бири-бирибизди кечириштик

— Сиздин аткарууңуздагы "Гүлдөй жандын" тарыхы тууралуу да кеп кылсак?

— Бул ыр Жумамүдүн Шералиевдин обону, Эгемберди Эрматовдун "Кулмырза менен Аксаткын" спектаклиндеги ыр. 1989-жылдары Нарын театрына тойго карата репетицияда экиге бөлүнүп алып эле ырдап калышты. Анан кайрыктары жагып калып обонун эске тутуп калайын деп режиссерго дагы бир жолу репетиция кылуусун сурандым. Борборго келгенде сөздөрүн башка актрисага жаздырып аккордеон, гитара, шалдырактардын коштоосунда шарак эте чыктык. Оо андан кийин менин атым "Гүлдөй жан" болду. Ал кезде "Туңгуч" театры жаңы уюшулган эле. Айылдарга концерт коюп барганда кичинекей балдар "Гүлдөй жан байке келатат" дешчү. 

— Туңгуч театрында 2008-жылдарга чейин эмгектендиңиз. Ордуңуздарды жаштарга бошотуп берели деген ой менен көп чыкпай калдыңыздарбы?

Кыргызстанская эстрадная исполнительница Жийдеш Идирисова - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Жийдеш Идирисова: мен Нюшаны туурабайм!
— Кудайга шүгүр, убагында көп иштерди жасадык. Убакыт деген күчтү чарчатып, командировкаларга чыга албай, чогулуп күүлдөп иштей албай каласың дегендей. Сөздүн ачыгы биз пастап калдык. Чоң иштер болгондо чогула калабыз. Бүгүнкү күндө кесиптешим Мурат Мамбетов окуу жайда режиссерлук жактан сабак берип балдарды тарбиялап жатат. Эгемберди Чалабаев болсо Мамлекеттик жаштар театрынын жетекчиси. Мен Көлдөгү алма бак, биякта кенен-кесир чыгармачылык менен чуркап жүрөм. 

— Көлдө алма багым бар деп айтып каласыз. Ал эмне бизнеспи?

— Мындай экен да Гүлдана. Мен тамаша-чыны менен айтканда эл кол чаап койсо эле кыйратып жатам деп жүрө бериптирмин. Бир убакта аркамды карасам эч нерсе жок экен. Ырдаган убак дагы, тамада болгон убакыт дагы бүтөт, алып баруучулук мезгилде үнүң дагы карыйт. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мындан он жыл мурун келинчегим өзүбүздүн жерден он гектар жер алып койдум дегенден "жерди эмне кыласың?" деп урушкам. Кийин кайра "ай сен жакшы аял турбайсыңбы, мен ойлондум, баягы жерге алма тикпейлиби" дедим. Барып айланасын курчатып алма, өрүк, алмурут, шабдаалы, Аксыдагы досторум кайнаалы, баткен өрүктөрүн тигип, ичине помидор, бадыраң, кызылча, дарбыздан бери өстүрбөдүкпү. Топуракты тытып келинчегим экөөбүз болгон күчтүн баарын жумшадык. Элдин баары суктанды. Буюрса жетинчи жылга кетти. Кичүү балам Аргенге бүт баарын өткөрүп бердим. Ортодо алма бак менен жүрүп беш жыл чыгармачылыгым токтоп калды, кайрадан киришейин деп ушул жылдын январынан баштап жаңы обондорду жазып, чоң ырларды иштеп эфирге бергем. 

Жаңылыктар түрмөгү
0