Жолдошбек Жанжигит уулу: Султан Сулайман ооруганда мен да бейтапканага жатып калдым

© Sputnik / Жоомарт Ураимов Театр жана кинодо роль жаратып, көптөгөн тасма менен мультфильмдерде үн коштогон Жолдошбек Жанжигит уулу
Театр жана кинодо роль жаратып, көптөгөн тасма менен мультфильмдерде үн коштогон Жолдошбек Жанжигит уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым актерлорго табият келишимдүү жүздү, куюлушкан кыймыл-аракетти, октой аткан көз карашты берсе, бүгүнкү өнөр ээсине кубаттуу үндү берген экен.
Жолдошбек Жанжигит уулу: "Даңазалуу доор" тасмасына эки жылдык өмүрүмдү арнадым

Театр жана кинодо роль жаратып, көптөгөн тасма менен мультфильмдерде үн коштогон Жолдошбек Жанжигит уулу менен журналист Гүлдана Талантбекова маектешти.

— Жолдошбек мырза, үн коштоо чеберчилигиңизден мурун мени алгач чыгармачыл чөйрөгө кантип аралашып калганыңыз кызыктырып турат?

— 1997-жылы Чоң-Кеминдеги мектепти бүтүргөндөн кийин Москвага окууга тапшыргам. Хүрремдин үнүн коштогон актриса Кыял Төрөгулова экөөбүз окуу жайда чогуу окуганбыз. Ошол жактан дүйнө таанымыбыз кеңейип окууну теория дагы, практика жүзүндө да мыкты өздөштүрдүк. Окууну бүткөндөн кийин туңгуч президентибиздин буйругу боюнча КТРдин базасында жыйырма бала "Учур" театрын түзгөнбүз. Он жылдай телетеатр болуп иштедик, андан кийин ал жоюлуп, маданияттын тармагына кошулуп театр эле болуп калды. Түзүлгөндөн баштап алгачкы сериалдарды тартып, спектаклдерди коюп, көркөм окууларына тегиз катыштык. 2005-жылы котормо студиясы түзүлүп миңдеген мультфильмдерди, көркөм тасмаларды, даректүү фильмдерди котордук. Тармактары ар кандай болгону менен ушул күнгө чейин түздөн-түз актер болуп иштеп келе жатам. 

Султан Сулайманды кыргызча сүйлөткөн Жолдошбек Жанжигит уулу

— Башка актерлордон үнүңүз менен айырмалансаңыз керек. Мен маселен сизди өз курагыңыздан улуу болсо керек деп ойлоптурмун? 

— Көп жерге барганда ушинтип айтышат. Бирок өзүмө көп билине бербейт. "Ой мен сени элүүдөн өткөн киши го десе, балам менен тең турбайсыңбы" дешет чоң эле кишилер. Мага деле кээ бир актерлордун үнү жагат. Буга чейин Чыңгыз хандын, "Гладиатордогу" Максимустун, "Акыркы Самурайда" Том Круздун үнүн коштогом. Андан кийин сиздер билгендей "Даңазалуу доор" сериалында Султан Сулаймандын үнүн коштодум. Негизи көп эле тасмаларда башкы ролдорду коштоптурмун.

© Sputnik / Жоомарт Ураимов Жолдошбек Жанжигит уулу: түрктөр келип "элүүдөн ашык тилге которулган, бирок кыргыз котормосу алдыңкы үчүнчүгө киресиңер" деп айтып кеткен
Кыргызский актер театра и кино Жолдошбек Жанжигит уулу - Sputnik Кыргызстан
Жолдошбек Жанжигит уулу: түрктөр келип "элүүдөн ашык тилге которулган, бирок кыргыз котормосу алдыңкы үчүнчүгө киресиңер" деп айтып кеткен

— Султан Сулаймандын үнүн кантип коштоп калдыңыз?

— Бул чоң долбоорго мени сунушташканда жогорку жактагылар "кайра-кайра эле башкы ролдорду Жолдошбек окуй береби? Аны токтотуп башка үн табалы" дешиптир. Мен өзүңөр билгиле дегем. Конкурска Дүйшөн Байдөбөтов, ыраматылык Мукамбет Токтобаев, Марат Козукеев сыяктуу чоң актерлор катышыптыр. Алардын арасынан Марат байке калыптыр. Эки-үч жумадан кийин мага чалышты, "Жоки, сен дагы келчи, үн тандай албай жатабыз" деп. Мейли деп үзүндү окуп алып кеткем. Кайра чалып "болбой эле сени бекитишти, куттуктайбыз, келишим түзүп кетиңиз" деп күлүп калышкан. Мен дагы аябай сүйүнүп, жумушум катары кабыл алгам. Мындай чоң долбоор экенин билген эмесмин! Барсам 250дөн ашык серия экен. Анан ошол жакка эле эки жылдык өмүрүм кетпедиби. Мында жүздөгөн кишинин эмгеги бар. Ондон ашык котормочу которду, ондон ашык монтажерлор, режиссер, ассистенттер, шаардагы болгон театрдын актерлорун катыштырдык. Жадакалса аймактык театрдан борборго келгендерди дагы пайдаланып калып жаттык.

— Өкүмдар деп көнүп калган Султан Сулаймандын үнүн кыргыз тилинде жаратуу деле бир топ кыйынчылыктарды жаратса керек?

— Чындыгында башында режиссердон "сеники бир аз Чыңгызхандыкына окшоп жатат" деп сын угуп жаттым. Онунчу сериядан кийин анан образына толук кирдим окшойт. Калп айтканда болобу, тексттерди режиссер бир оңдойт, актерлор окуп жатып бир чийип отуруп коштодук. Түрктөр келип "элүүдөн ашык тилге которулган, бирок кыргыз котормосу алдыңкы үчүнчүгө киресиңер" деп айтып кеткен. Ошол эле казак, орус, өзбек мамлекеттери котормо, үн коштоо жагынан бир топ артта турат экен. Анткени түкүргөндөн жутканга чейинки үндү бердик. Мунун да өзүнчө ырахаты бар. Үн коштоо деле жакшы, бирок мага театрда ары-бери басып спектакль ойногон жагат. Кээде режиссерго алдыгыны окугандан көрө ойногон мага оңой болчу деп айтчумун. Чынында Сулаймандын ролун актер ийине жеткире ойной алган. Мен ал актердон көптөгөн сабактарды ала алдым. Жеке мен эмес, башкалар дагы өзүнүн жакшы жактарын ача алды. 

— Кайсыл жерин берүү оорчулук жаратты?

Очкарик тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз кинолорун көрөсүзбү? Кыйындыгыңызды тест менен текшериңизчи
— Негизи көптөр менин айканыма ишенбей коюшу мүмкүн. Бирок дал келүүчүлүк деген нерсе жашайт. Маселен Чыңгыз хан кинодо ооруп калганда, мен дагы турмушумда ооругам. Сулайман жаш кезинде шадыраңдап башталды, биз дагы ишти шадыраңдап баштаганбыз. Анан карып, балдары четинен кырылып, саясаты интригага толуп катуу ооруганда мен дагы кардиологияга бир эмес, эки жолу жатып чыктым. Көрсө ал жүрөктөн эмес экен. Коронарография кылгандан кийин ал баштагы нервдер экенин билдим. Мен гана эмес башка актерлордо дагы болот экен. Андан сырткары, кээ бирде жөнөкөй тексттерди окуганда кыйналып калышың мүмкүн. Маселен, көңүлүң бар кезде келсең бияк ыйлап жаткан болот, же жиниң келип кирип келсең, бул жактын күлкүлүү жери болуп адам дароо ролуна кире албай калат. Мындайда режиссер менен кер-мур айтыша кетебиз. Аягында кайра эле өбүшүп-жытташып калабыз. Режиссер Кыял (Хүррем) экөөбүз курсташпыз да. Урушканыбыз деле, табышканыбыз деле бат. Аягында көнүп калдык. Урушуп кетсек "табышып алат" деп эч ким бөлүштүрбөй коюшчу. Сүйүү жерлеринен кайра эле кучакташып калып жаттык. Бул Сулайман дагы Хүрремге жөн эле "сүйөм" деп койбой, "көзүмдүн нуру", "карегим", "асылым", "асманым" деп айланайын шумдук жалынат экен. Биз болсо минтип өмүрү аялдарыбызга айтпайбыз да.

— Ширин сөздөрдү аялыңызга колдонуп көрдүңүзбү анан?

— Жок ай (күлүп). Жүрөктөн чыкпагандан кийин окшошпойт го…

— Студиядан жашып да чыккан учурлар болгондур?

— Баязед өлгөндө мен кошо ыйладым. Сулаймандын энеси өлгөн жеринде студиядан жашып чыксам, режиссер "мен дагы ыйладым" дейт. Бир жагынан бугуң дагы чыгып калат экен. Эркектер ыйлабайт деген мыйзам жок. Эркек жашык болсо, демек, мээримдүү. 

— Султан Сулаймандын образын жараткан Халит Эргенчтин ордунда болсоңуз бул ролду аткара алмакмын деп ойлойсузбу?

— Учурда мен кастингден өтүп "Шабдан баатыр" тасмасында Шабдандын ролуна көрсөтүлгөм. Буга чейин деле театрда чоң ролдордо ойноп келгенбиз. Ойной албайм деген болбойт. Бул кесипти тандап окугандан кийин өтөсүнө чыгыш керек. Халит Эргенчти тасмага тартаардан мурун аябай даярдашкан. Өзүнүн деле "көпкө издендим" деген сөзү бар. Роль тандагандан кийин дароо тартып баштабайт. Мындай ролдор миллион актердун бирөөсүнө гана туш келбесе, баары эле Сулайманды ойной бербейт. 

© Sputnik / Жоомарт Ураимов Жолдошбек Жанжигит уулу: жашың өткөн сайын талабың дагы жогорулап баштайт экен. Жеңил тасмаларга чакырышат, бирок тартылгым деле келбейт. Алгач сценарийин окуп, режиссеруна да маани берем
Кыргызский актер театра и кино Жолдошбек Жанжигит уулу - Sputnik Кыргызстан
Жолдошбек Жанжигит уулу: жашың өткөн сайын талабың дагы жогорулап баштайт экен. Жеңил тасмаларга чакырышат, бирок тартылгым деле келбейт. Алгач сценарийин окуп, режиссеруна да маани берем

— Каарманыңыз менен сыймыктанган учурлар болобу?

— Кийин убакыт өктөндө балдарым сыймыктанышы мүмкүн же карыганда суктанышым мүмкүн. Азыр мага кадыресе жумушумдай эле сезилет. Турмуштук тарбия ала алдым десем жаңылышпайм. Маселен Сулайман өмүрүн үй-бүлөсүнө эмес, элине арнаган. Досу менен дос болуп жүрүп башын алып койгон, душман болуп жүргөн кишисин кайра чоң кызматка алып келген. Ушул жактардан алганда жашоодо биз деле досубузга ошондой мамиле кылабыз. Жаманына жакшы, жакшысына жаман кылабыз дегендей…

— Кайсы сапаттарына баа берип, кайсынысына жиниңиз келди?

Актриса жана котормо студиясындагы үн режиссеру Кыял Төрөгулова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыял Төрөгулова: Хүрремдин толготконун тердеп-кургап араң коштогом
— Жакшы жактарынан адамга болгон кечиримдүүлүгү, айкөлдүгү, токтоолугу, кыйчалышта сөз тапкандыгы, ачыктыгын, эрктүүлүгүн алганга аракет кылдым. Тарыхый инсандардын жаман жактарына караганда жакшы жактары көбүрөөк. Сүйүү деген ушул экен. Махабатка арбалып Хүрремдин азабын жакшы эле тартты. Ал Султандын саясатына акыркы учурларда түздөн-түз эле кийлигишип баштаган. Ошону көрүп турса деле Сулайман көрмөксөн болуп койду. Анан канынан чыккан баласын дарга асып, күйөө баласын өлүм жазасына буйрук бергенин көргөндө бир чети кыжырың келет. Бир чети туура деп ойлойсуң. Бирок ал өлгөндөн кийин мамлекет эмес, бүтүндөй Осмон империясы жок болду. Бул башка элдин тарыхы, бирок билип алыш биз үчүн ашыкча болбостур. 

— Көп убактан бери өңүңүзгө караганда үнүңүз популярдуу болуп, сиз түшкөн тасмаларды көрбөй келебиз?

— Мен акыркы жылдары спектаклде ойнобой, киного көп түшпөй калгандыктан үнүмдөн жакшы таанышат. Соңку жылдары балдарга актерлук жактан сабак бергенге ооп, жеке чыгармачылыгым калып калгандай сезилет. Былтыртан бери жалаң даректүү фильмдерге түшүп жатам. Жусуп Абдрахмановдун, Султан Ибраимовдун ролун ойноп бердим. Жашың өткөн сайын талабың дагы жогорулап баштайт экен. Жеңил тасмаларга чакырышат, бирок тартылгым деле келбейт. Алгач сценарийин окуп, режиссеруна да маани берем. Ушул жайда "Учур" театрынын көркөм жетекчиси болуп дайындалгам. Ал жактан дагы башка иштер менен алектенип жүрөм. Буюрса, биз жаратчу ролдор али алдыда.

Жаңылыктар түрмөгү
0