КР ишкерлери Берлиндеги эл аралык көргөзмө-жарманкеге катышууда

© Фото / пресс-служба МИД КРБерлиндеги "Bazaar-Berlin" аттуу эл аралык көргөзмөнүн катышуучулуары
Берлиндеги Bazaar-Berlin аттуу эл аралык көргөзмөнүн катышуучулуары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Берлинде "Bazaar-Berlin" аттуу эл аралык көргөзмө өтүп жатат. Анда кыргызстандык компаниялар катышып, өлкөнүн улуттук буюм-тайымдарын тааныштырууда.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Үч күндөн бери кыргызстандык ишкерлердин катышуусу менен Берлинде өтүп жаткан "Bazaar-Berlin" эл аралык көргөзмө-жарманке 20-ноябрда жыйынтыкталат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган көргөзмөдө жүндөн, жибектен жана башка улуттук буюмдардан жасалган продукцияларды "Chapan KG", "Artslippers", "Kyrgyz Artisans", "Nomad’s Spirit", "Ala-Too Shop", "Уулман" компаниялары тааныштырууда. 

© Фото / пресс-служба МИД КРҮч күндөн бери кыргызстандык ишкерлердин катышуусу менен Берлинде өтүп жаткан "Bazaar-Berlin" эл аралык көргөзмө-жарманке 20-ноябрда жыйынтыкталат
Үч күндөн бери кыргызстандык ишкерлердин катышуусу менен Берлинде өтүп жаткан Bazaar-Berlin эл аралык көргөзмө-жарманке 20-ноябрда жыйынтыкталат - Sputnik Кыргызстан
1/2
Үч күндөн бери кыргызстандык ишкерлердин катышуусу менен Берлинде өтүп жаткан "Bazaar-Berlin" эл аралык көргөзмө-жарманке 20-ноябрда жыйынтыкталат
© Фото / пресс-служба МИД КРАталган көргөзмөдө жүндөн, жибектен жана башка улуттук буюмдардан жасалган продукцияларды "Chapan KG", "Artslippers", "Kyrgyz Artisans", "Nomad’s Spirit", "Ala-Too Shop", "Уулман" компаниялары тааныштырууда.
Аталган көргөзмөдө жүндөн, жибектен жана башка улуттук буюмдардан жасалган продукцияларды Chapan KG, Artslippers, Kyrgyz Artisans, Nomad’s Spirit, Ala-Too Shop, Уулман компаниялары тааныштырууда. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Аталган көргөзмөдө жүндөн, жибектен жана башка улуттук буюмдардан жасалган продукцияларды "Chapan KG", "Artslippers", "Kyrgyz Artisans", "Nomad’s Spirit", "Ala-Too Shop", "Уулман" компаниялары тааныштырууда.
1/2
Үч күндөн бери кыргызстандык ишкерлердин катышуусу менен Берлинде өтүп жаткан "Bazaar-Berlin" эл аралык көргөзмө-жарманке 20-ноябрда жыйынтыкталат
2/2
Аталган көргөзмөдө жүндөн, жибектен жана башка улуттук буюмдардан жасалган продукцияларды "Chapan KG", "Artslippers", "Kyrgyz Artisans", "Nomad’s Spirit", "Ala-Too Shop", "Уулман" компаниялары тааныштырууда.

17-ноябрда КРдин элчилиги тарабынан кыргыз стенди ачылды. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева жана элчи Эринес Оторбаев катышты.

Иш-чарада Алтыбаева Кыргызстандагы кол өнөрчүлөрдүн тармагын өнүктүрүү маанилүү экендигин белгиледи. 

"Германия жашоочуларынын жүндөн жасалган табигый буюмдарга кызыгуусу жылдан-жылга артып барат. Кыргызстандык компаниялардын бул жарманкеге катышуусу мындан ары улуттук кол өнөрчүлөрдүн өнүгүшүнө жана Германиянын аймагында кыргыз маданиятын жайылтууга көмөк берет", — деди депутат.

Эл өкүлү бул тармак өлкө экономикасынын перспективдүү багыттарынын бири экенин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0