"Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалар өлкөсү" сынагы билдирме алууну токтотту

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүКинопленка. Архив
Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестиваль быйыл алтынчы ирет тартууланып, салтка айлангандай декабрь айында өтөт.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Декабрь айында Бишкекте өтө турган "Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" VI эл аралык кинофестивалга билдирме тапшыруу мөөнөтү аяктады. Бул тууралуу аталган сынактын арт-директору Ника Жолдошева билдирди.

Анын айтымында, быйыл фестивалга катышуу үчүн чет элдик режиссерлордон 200, ал эми жергиликтүүлөрдөн 80 арыз түшкөн. 

"Кинофестиваль эл аралык жана улуттук сынак болуп эки багытта өтөт. Анын ар биринен "Мыкты тасма", "Мыкты режиссура", "Калыстардын сүймөнчүгү", "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү" номинациялары боюнча фильмдер тандалып алынат", — деп айтылат билдирүүдө.

Эл аралык сынакка 15, ал эми улуттук сынакка 10 тасма тандалып алынып, учурда курамына белгилүү кинематографисттер, искусство адамдары кирген калыстар тобуна берилди.

Фестиваль "Айтыш" коомдук фондусу, Кинематографисттер союзунун колдоосу менен өтүп, быйыл каржы маселесин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги көтөрмөй болду.

Иш-чара Бишкектеги "Манас" кинотеатрында 12-15-декабрь күндөрү өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0