Тажикстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук кийим кийген кыз-келиндер. Архив
Улуттук кийим кийген кыз-келиндер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
17-ноябрдан 20-ноябрга чейин Кыргызстандын өнөр адамдары кыргыз маданиятын Тажикстанга көрсөтөт.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. 17-ноябрдан 20-ноябрга чейин Тажикстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

16-ноябрда Душанбе шаарына Кыргызстандын ырчы, бийчи жана эмгек сиңирген өнөр адамдарынан турган атайын делегация учуп кетти.

"Тасмалар үйүндө кыргыз киносунун салтанаттуу ачылышы болуп, эки күн кыргыз киносунун алтын казынасынан тасмалар тартууланат", — деп жазылат маалыматта.

Ал эми С.Айни атындагы Мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында Кыргызстандын Тажикстандагы маданият күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы болуп анда кыргыз ырчы, бийчилери өз өнөрлөрүн тартуулайт.

Мындан сырткары кыргыз делегациясы Тажикстандын улуттук музейине барып тажик мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшүнүн тарыхы менен таанышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0