"Ала-Тоонун музыкасы" төкмө акындар менен репэрлердин окшоштугун айтып берет

© Sputnik / Табылды КадырбековНациональный музыкальный инструмент комуз
Национальный музыкальный инструмент комуз - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Концертте кыргыз арфасы, реперлер менен ак таңдай акындардын жалпылыгы боюнча айтып берилмекчи. "Балдар филармониясы" программасынын алкагында "Ала-Тоонун музыкасы" деп аталган концерт өтөт.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. "Балдар филармониясы" программасынын алкагында "Ала-Тоонун музыкасы" деп аталган концерт өтөт. Бул боюнча Роза Отунбаеванын демилгеси коомдук фондусунан кабарлашты.

Уюштуруучулар программада кыргыздын кызыктуу музыкалык аспаптары, кыргыз арфасы, реперлер менен ак таңдай акындардын жалпылыгы туурасында айтыларын билдиришти. 

Интерактивдүү концерт 25-ноябрда Кыргыз мамлекеттик Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0