Жаш киночулардын "Карек" фестивалынын тандоо туру соңуна чыкты

© flickr.com / DRs KulturarvsprojektБабена для киноленты
Бабена для киноленты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Катышуучулардын эң жашы 7 жашта болсо, эң улуусу 17 жашта. Мында балдар жана өспүрүмдөр анимациялык, даректүү, оюн тасмалары боюнча күч сынашат.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда алгачкы ирет өтө турган балдар жана өспүрүмдөрдүн "Карек" аттуу республикалык кинофестивалдын тандоо туру соңуна чыкканын уюштуруучулар билдирди. 

Иш-чара Тарых жана маданият жылы менен кыргыз киносунун 75 жылдыгына арналган. 

"Фестивалга жалпы жонунан Кыргызстандын бардык аймагынан 87 тасма түшкөн. Катышуучунун эң кичинекейи 7, ал эми улуусу 17 жашта", — деп айтылат билдирүүдө.

КР кинематографисттер бирикмеси 87 фильмдин ичинен 23 тасманы тандап алган, анын төртөө — анимациялык, алтоо — даректүү жана 13ү — оюн тасмалары.

Кинофестиваль 14-ноябрда "Кыргызкиносу" кинотеатрында башталып, жабылуу аземи эртеси 15-ноябрда "Манас" кинотеатрында белгилүү кино ишмерлеринин катышуусу менен өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0