Кыргыз айылы: борбор калаада салттуу-маданий кербен көч өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековВторые всемирные игры кочевников на Иссык-Куле
Вторые всемирные игры кочевников на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чаранын максаты кыргыздын салттуу маданиятынын негизинде элге, өзгөчө жаш муунга руханий-материалдык тең салмактуулукка багытталган аң-сезимди калыптандырууга салым кошуу болуп саналат.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 12-ноябрда Бишкек шаарындагы Жаштар аллеясында кыргыздын үрп-адатын тааныткан "Кыргыз айылы" аттуу салттуу-маданий кербен көч өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Бул иш-чара "Тарых жана маданият жылына" карата жана "Жаштар жумалыгынын" алкагында өткөрүлүүдө. Иш-чараны КР өкмөтүнө караштуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги, Бишкек мэриясы, республикалык Манас жаштар ордосу жана "Көчмөн" коомдук фонду уюштурууда.

"Бул көчмө жүрүш шаар тургундарына маданий, салттуу билимдерди жана улуттук баалуулуктарды жеткиликтүү кылып берүүнү көздөйт", — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандык Уларбек Бакырдиновдун жубайы Анастасия Озерска - Sputnik Кыргызстан
Латыш келин Анастасия: кыргыз тилин үйрөнөөрүм менен "Манасты" окуп чыгам
Иш-чаранын максаты кыргыздын салттуу маданиятынын негизинде элге, өзгөчө жаш муунга руханий-материалдык тең салмактуулукка багытталган аң-сезимди калыптандырууга салым кошуу болуп саналат.

Маданий иш-чаранын алкагында боз үй тигүү жана анда жашоонун өзгөчөлүгү тууралуу маалымат берилет. Манас айтылып, улуттук музыкалык аспаптар жаңырат. Андан сырткары салт, ырым-жырым тууралуу маалымат келген конокторго тартууланып, иш-чара концерттик программа менен коштолот.

Жаңылыктар түрмөгү
0