Кыргыз киносунун 75 жылдыгы белгиленет

© Sputnik / Табылды КадырбековТоктогул Сатылганов атындагы улуттук филармония. Архив
Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармония. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салтанаттуу иш-чара Улуттук филармонияда уюштурулуп, көргөзмө жана концерттик программа менен коштолот.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Кыргыз киносунун 75 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады. 

Билдирүүгө ылайык, иш-чара үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрына белгиленген. 

"Улуттук филармонияда кыргыз кинематографисттеринин жетишкендиктери тууралуу көргөзмө уюштурулуп, кыргыз киносунун тарыхы тууралуу тасма көрсөтүлөт. Мындан сырткары, конокторго концерттик программа тартууланат", — деп жазылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, 1941-жылы 17-ноябрда Фрунзе шаарында алгачкы киностудия ачылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0