Кыргыз драма театры 90 жылдык мааракесин белгилөөнү декабрга жылдырды

© Фото / Азизбек КулмурзаевЗнаменитый театр "Глобус" привез в Бишкек шекспировский "Гамлет"
Знаменитый театр Глобус привез в Бишкек шекспировский Гамлет - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин 90 жылдык юбилейди белгилөө 11-ноябрга белгиленген.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын театрларынын флагманы болгон Токтоболот Абдымомунов атындагы Улуттук академиялык драма театрынын 90 жылдыгын белгилөө 16-декабрга жылдырылды. Бул туурасында аталган театрдан кабарлашты.

Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын адабий бөлүмүнүн жетекчиси Алтынай Темирова - Sputnik Кыргызстан
Радио
Алтынай Темирова: Саха-Якутия театры гастролун Айтматовдун чыгармасы менен баштады
Буга чейин 90 жылдык юбилейди белгилөө 11-ноябрга белгиленген.

Юбилей күнү театр жамааты алгач көзү өтүп кеткен корифей артисттердин "Ала-Арчадагы" көрүстөнүнө барып, элесин эскерип гүл коюшат. Андан соң мааракелик иш-чаралар өтөт. 

Бул жайда кезегинде кыргыз театр өнөрүнүн залкарлары – Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Сабира Күмүшалиева, Советбек Жумадылов, Насыр Кытаев, Ашыралы Боталиев, Жаманов, Таттыбүбү Турсунбаева дагы башка бир топ залкар таланттар иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0