Кыргыз драма театры 90 жылдык мааракесин белгилейт

© Sputnik / Табылды КадырбековТоктоболот Абдымомунов атындагы Улуттук академиялык театры. Архив
Токтоболот Абдымомунов атындагы Улуттук академиялык театры. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Театр жамааты алгач көзү өтүп кеткен корифей артисттердин "Ала-Арчадагы" көрүстөнүнө барып, элесин эскерип гүл коюшат.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын театрларынын флагманы болгон Токтоболот Абдымомунов атындагы Улуттук академиялык театр 11-ноябрда 90 жылдык мааракесин белгилейт. Бул туурасында аталган театрдан кабарлашты.

"Кыргыз театрларынын баарына башат болуп берген, андан өлкөдөгү азыркы жаштар театры (ТЮЗ), опера балет театры, филармония, облустук театрлар чыккан", — деп айтылат маалыматта.

СССР эл артисти, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Муратбек Рыскулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жамал Сейдакматова: Муратбек Рыскулов — сахнанын королу болчу
Юбилей күнү театр жамааты алгач, көзү өтүп кеткен корифей артисттердин "Ала-Арчадагы" көрүстөнүнө барып, элесин эскерип гүл коюшат. Андан соң мааракелик иш-чаралар өтөт. 

Бул жайда кезегинде кыргыз театр өнөрүнүн залкарлары – Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Сабира Күмүшалиева, Советбек Жумадылов, Насыр Кытаев, Ашыралы Боталиев, Жаманов, Таттыбүбү Турсунбаева дагы башка бир топ залкар таланттар иштеген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0