Акын Сейит Жетимишевдин 80 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү өткөрүлөт

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКитеп көргөзмөсү. Архив
Китеп көргөзмөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданияттын мыкты кызматкери Сейит Жетимишев кыргыз адабиятында прозаик жазуучу катарында таанымал. Анын алгачкы китеби "Менин атым" деп аталып, 1962-жылы жарык көргөн.

БИШКЕК, 1-ноя.— Sputnik. Бүгүн, 1-ноябрда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргыз эл акыны Сейит Жетимишевдин 80 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган китепкананын маалымат кызматы билдирди.

Комузчу Нурак Абдрахманов - Sputnik Кыргызстан
Күүнүн атасы Нурак Абдырахманов бүгүн 69 жашка чыкмак…
Маданияттын мыкты кызматкери Сейит Жетимишев кыргыз адабиятында прозаик жазуучу катарында таанымал. Анын алгачкы китеби "Менин атым" деп аталып, 1962-жылы жарык көргөн.

Ал эми орус тилдүү окурмандарга аңгеме жана повесттерден турган "Капчыгай үстүндөгү булуттар" чыгармасы менен таанымал.

Көргөзмөдө акындын китептери, гезит беттерине жарыяланган макалалары коюлуп, иш-чарага коомдук ишмерлер, маданият жана искусство кызматкерлери менен ЖМК өкүлдөрү чакырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0