БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Жаш манасчылардын сынагына 14 өнөрпоз тандалып алынганын белгилүү манасчы, иш-чаранын уюштуруучуларынын бири "Саякбай манасчы" коомдук фондусунун мүчөсү Дөөлөт Сыдыков билдирди.
Эскерте кетсек, сынак октябрь айынын башында жарыяланып, соңунда тандоо туру өткөн.
"Жыйынтыгы менен 14 жаш манасчы тандалып алынды. Эми аптасына бир жолу түз эфирден күч сынашып, мыктылары тандалат", — деди Сыдыков.
Анын айтымында, сынак "Маданият" каналынан 2, 9, 16 жана 23-ноябрь күндөрү түз алып көрсөтүлөт.
Жаш манасчылардын конкурсу КТРК, "Маданият" каналы жана "Саякбай манасчы" коомдук фондусу тарабынан уюштурулууда.