"Сүтак" тасмасы Киевдеги эл аралык конкурска катышат

© предоставлено Алтынай КойчумановойКадр из фильма "Небесное кочевье" ("Сутак")
Кадр из фильма Небесное кочевье (Сутак) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык фестивалдын конкурстук программасына Кыргызстандан сырткары дагы 11 өлкөнүн тасмалары байге талашат.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnuk. Режиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы Киевдеги 46-ирет өтүп жаткан "Молодость" эл аралык конкурста мыкты аталып, конкурстук программага кирди. Бул туурасында аталган картинаны тарткан топтун өкүлү Алтынай Койчуманова билдирди.

"Молодость" эл аралык конкурсу ушул күндөрү Киевде өтүп жатат.

Ника Жолдошева: Оскарга ат салышуу үчүн бизге АКШга ачылган виза керек - Sputnik Кыргызстан
Ника Жолдошева: "Оскарга" ат салышуу үчүн бизге АКШга ачылган виза керек
Эл аралык фестивалдын конкурстук программасына Кыргызстандан сырткары дагы 11 өлкөнүн — Швейцария, Словакия, Болгария, Дания, Тунис, Бельгия, Израиль, Польша, Испания, Франция жана Афганистандын тасмалары байге талашат. Баш байге – "Скиф бугусу" деп аталат.

Фестивалдын алкагында конкурска катышпаган чыгармалар да кино сүйүүчүлөргө тартууланып жатат.

"Сүтак" тасмасы украиналык көрүүчүлүлөргө биринчи ирет көрсөтүлдү. Тасманын дүйнөлүк премьерасы Чехияда болгондон тарта Кыргызстандын атынан эл аралык 30га чукул кинофестивалдарга барып, 20дан ашуун жерден олжо менен кайткан.

Тасма жалгыз уулунан ажырап, келини Шайыр, небереси Умсунайды медер тутуп жашаган жылкычы Акылбек менен байбичеси Карачачтын тоодо күн кечирип келген жашоосун чагылдырып берет. Картина "Айтыш-фильм" киностудиясы менен "Ой-Арт" продюсердик компаниясы тарабынан тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0