"Кийиз-дүйнө — көчмөн руху". Бишкекте салттуу маданияттын көргөзмөсү өтөт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүМеждународный фестиваль ремесел "Оймо" в Киргизии
Международный фестиваль ремесел Оймо в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уюштуруучулар көргөзмөдө кыргыздын салттуу кийим-кечеси, сүрөт көргөзмөсү, салттуу ыкмалар боюнча мастер-класстар тартууланарын белгилешти.
Айдай Асангулова: максатыбыз — абалкы кол өнөрчүлүктү, нукура маданиятты сактоо

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде "Кийиз-дүйнө — көчмөн руху" аттуу салттуу маданияттын көргөзмөсү өтө турганын аны уюштуруп жаткан "Миң Кыял" фондусунун жетекчиси Айдай Асангулова билдирди.

Улуттук кийим кийген модельдер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эстен тандырган этностиль. Кыз-келиндердин көзүн күйгүзгөн 9 буюм
Анын айтымында, иш-чаранын алкагында долбоор боюнча тартылган тасма тартууланып, кыргыздын салттуу кийим-кечеси, сүрөт көргөзмөсү, салттуу ыкмалар боюнча мастер-класстар өтөт.

Асангулова аталган көргөзмө ал жетектеген фонддун эки жыл аралыгында кыргыздын салттуу билими, кол өнөрчүлүгү жаатында жасаган эмгектеринин жыйынтыгы болуп саналарын белгиледи. 

Көргөзмө саат 15.00дө башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0