КРдин бийчилери Москвадагы сынактан алтын жана коло медаль менен кайтышты

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүБийчилер. Архив
Бийчилер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Mosdance Grand Prix — 2016 Эл аралык турниринде Кыргызстан, Казакстан жана Россиядан 1400дөн ашык жуп катышкан.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Москвада 22-23-октябрда өткөн Mosdance Grand Prix — 2016 Эл аралык турниринде Кыргызстандын бийчилери эки медалга ээ болушту. Бул тууралуу КРдин Бий спорту боюнча федерациясы билдирди.

Турнирге Кыргызстан, Казакстан, Россия өлкөлөрүнөн 1400дөн ашык жуп катышты. 

"Юниорлор 2+1: латын-америка программасы" категориясында Кыргызстандык Александр Шефлер жана Амина Надирова 55 жуптун ичинен биринчи орунду алышты. "Юниорлор-2: латын-америка программасы" категориясында алар үчүнчү орунга ээ болуп, буга жалпысынан 23 жуп ат салышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0