Айчүрөк Иманалиева: өмүрүмдүн 25 жылы дөңгөлөк үстүндө өттү

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаслуженная артистка КР Айчурек Иманалиева
Заслуженная артистка КР Айчурек Иманалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул айым элге өзүн эле таанылтып койбостон, жаштардын чыгармачылыгын дайыма колдоп келет. Чет элдик сынактарга жаш таланттарды даярдоо менен өлкөнүн аброюн көтөрүп дүйнөнүн чар тарабынан келген калыстар тобунун мүчөсүн да толуктап жүрөт.
Айчүрөк Иманалиева: мыскыл-тамашага катышуу үчүн көп конкурстардан өтчүбүз

КРдин Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева журналист Гүлдана Талантбековага чыгармачылыктагы чыйыр жолу, позитивдүү ойлору, алдыдагы максаттары туурасында айтып берди.

Маек учурунда эже эшиктен келип ысыса, мен тескерисинче чыйрыккансып отурдум. Физикада айтылгандай оң протон менен терс протон дал келишип, сонун маек курдук.

— Атыңыз затыңызга жарашкан айымсыз. Айчүрөк деген ысымды сизге ким ыйгарган, бала кезиңизде атыңызды көтөрө албай ооруган учурлар болду беле?

— Мен таенем менен таятамдын колунда өскөм. Илгери Нарын театры "Манас" эпосунан үзүндү коюп келгенде, үйдөгүлөр Айчүрөк деген ысымды жактырышып мага ыйгарышыптыр. Кичинекей кезимде өзүмдүн атымдан уялып жүрдүм. Мен үчүн бул ысым кол жетпеген, сулуу, керемет айым сезилээр эле. Ал учурда Гуля, Рита, Тамара деген аттар мода болуп жаткан. Паспорт алганда атымды өзгөртсөмбү деп жүрчүмүн. Анан ата-энем азан чакырып койгон ысымга көндүм. Ушул убакытка чейин атымды татыктуу алып жүрүүгө аракет жасайм. Ысымымды көтөрө албай ооруган учурларым болгон жок. Кыргызчылыкты кармап келем. 

© из личного архива Айчурок ИманалиевойКРдин Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева чоң апасы менен
Звезды тоже были детьми - Sputnik Кыргызстан
КРдин Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева чоң апасы менен

— Чыгармачылыктагы жолуңуз эмнеден улам башталды. Окурмандардын эсине бир ирээт эске сала кетсеңиз?

Акын-импровизатор Азамат Болгонбаев - Sputnik Кыргызстан
Азамат Болгонбаев: орустардан чыккан төкмө акынмын деп тамашалап калам
— Чыгармачыл чөйрөгө капысынан келип калган жокмун. Атам Асылбек Иманалиев комузда ойносо, апам нукура элдик ырларды, дастандарды айткан айым болгон. Апам эки жыл филармонияда Эстебес Турсуналиев агайдын тобунда иштеп кеткен. Опера ырчысы болчу. Мен окуган Мураталы Күреңкеев атындагы окуу жайдын вокал бөлүмүн бүткөн. Бирок мен опера бөлүмүн бүтүрдүм. Мындан улам ата-энем мени опера ырчысы болсо деп тилек кылчу. Бирок токсонунчу жылдары совет мезгили ураган учурда эстрадага болгон табит күч алып, мезгил талабына айланып калды. Кичинекей кезимде балетке, муз үстүндөгү коньки тебүүгө кызыкчым. Убагында ийримдерге берген эч ким болгон жок. Өкүнбөйм, азыркыма деле кудайга шүгүр деп жашап келем.

— Ырчы болбосоңуз сизди кайсы тармактан көрө алмакпыз?

— Азыр мен бул нерсени айта деле албайм. Башка түшсө, байтал жорго дейт. Тамак ашты абдан жакшы жасайм, жумуш жасагандан эч коркпойм. Ар бир жумуш, ар бир кесип барктуу деп ойлойм. 

© Фото / Арлен ОроскуловАйчүрөк Иманалиева: тамак ашты абдан жакшы жасайм, жумуш жасагандан эч коркпойм. Ар бир жумуш, ар бир кесип барктуу деп ойлойм
Заслуженная артистка КР Айчурек Иманалиева - Sputnik Кыргызстан
Айчүрөк Иманалиева: тамак ашты абдан жакшы жасайм, жумуш жасагандан эч коркпойм. Ар бир жумуш, ар бир кесип барктуу деп ойлойм

— Популярдуулугуңузду кайсы жылдары сезип баштадыңыз?

— Токсонунчу жылдары "Ала-Тоо" периси аталышындагы сынак өткөрүлүп, биринчи орунду алдым. Ошол мезгилде жаштар театры жаңыдан иштеп баштаган экен. Мени жазуучу, драматург Сейит Алтымышев менен жаштар театрынын директору Ишембай Төкөлдөшов агайлар талантымды көрүп, актриса кылып жумушка алышты. Тарас Асанакуновду кыргыз эстрадасынын Гагарини десек жаңылышпайбыз. Анын "Роза гүлү", Алина Жетигенованын "Кыздын сыры", Расул Маматкуловдун "Бий аянтында" ырлары кыргыз эстрадасына чоң өзгөрүү алып келди. Тарас Асанакуновду дагы композитор кылып жумушка алышты. Ал киши үнүмдү угуп, "Роза гүлү" ырын жаратып берди. Ошол жылы "Мыскыл жана тамаша" аттуу телевизиондук концерт болоор эле. Ал конкурска катышыш үчүн көп конкурстан өтчүбүз. Мага ал жерде үч-төрт күндөп аншлаг болчу. Бул ыр аркылуу өзүмдүн популярдуу болгонумду деле билген жокмун. Ал учур такыр башка болчу. Мен концерт коюп барбаган клубдар, концерт залдары, айылдар болбосо керек. Өмүрүбүздүн жыйырма беш жылын дөңгөлөк үстүндө өткөрдүк. Балдарыбыз менен ысык-суукта, жайында болсо мейманкана жок көк чөптө жатып калып, дөңгөлөк жарылып, бензин түгөнүп калып, кышында музыкант балдар артта ойноп жатып мурдуларына муз тоңгонго чейин кызмат кылчу. Ошондуктан көгөргөн эмгектин аркасы менен токсонунчу жылдары популярдуу болуп баштадым десем жаңылышпайм.

— Ошол кезден азыркы мезгилге чейин популярдуулугуңузду жоготпой келесиз. Сыры эмнеде?

— Мен дайыма "элден айланайын" деп жашап келем. Ырчыны ырчы кылган эл болот. Эл болбосо эмгегибизди кимге тартуулайбыз. Элде жок болсо бизде дагы болбойт. Жыйырма беш жылдан бери сахнадан түшпөй элдин сүймөнчүлүгүндө жашап, ырдап келем. Мунун баары тырмалап тапкан эмгегим деп билем.

— Ырларыңыз тууралуу сүйлөшсөк. Чыгарма жаратууда элдин оюн, табитин дагы эске аласызбы же жан дүйнөңүзгө ыктап ырдайсызбы?

— Мисалы репертуарымдагы ырдын отуз пайызга жакыны өзүмдүн калемиме таандык. Албетте эл менен дагы эсептешебиз. Башкасын билбейм бирок мен сөзсүз түрдө элим менен күйөрмандарымдын оюн эске алам.

— Кайсы ырларыңыз тагдырыңызга үндөш ырлар?

— Мен, Алина Жетигенова, Асел Турдалиева үчөөбүз "Кыргызстан алга" деген чыгарманы өлкөмө болгон сүйүүмө эргүү келгенде ырдагам. Обонун өзүм чыгарсам, сөзү Эл акыны Атантай Акбаровдун калемине таандык. Учурунда бул ыр белгилүүлүктүн туу чокусунда турду. "Жаңы жыл", аялзатынын ордун тастыктаган "Кыз бала" деген чыгармам радиодон жакшы берилет деп угуп, ичимен сүйүндүм. Ар бир чыгармаң балаңдай эле болуп калат экен. Андан сырткары "Тагдыр беле" деген ырым тагдырыма үндөш. Мурун өзүмдү обончу катары элге алып чыккандан тартынчумун. Мүмкүн азыр убакыт сааты жетти окшойт. 

© Фото / предоставлено Айчурек ИманалиевойКРдин эмгек сиңирген ырчылары Айчүрөк Иманалиева, Асел Турдалиева жана Алина Жетигенова
Заслуженные артистки Айчурек Иманалиева, Алина Жетигенова и Асель Турдалиева - Sputnik Кыргызстан
КРдин эмгек сиңирген ырчылары Айчүрөк Иманалиева, Асел Турдалиева жана Алина Жетигенова

— "Роза гүлүн" азыр жаш ырчы кыздар ырдап жүрүшөт. Сиздин бааңыз кандай болду, көңүлүңүзгө толдубу?

— Ырды каалап ырдаса демек ал жакшы жыйынтык алып келет деп ойлойм. Маселен алгачкы жолу "Жар-жарды" мен ырдап чыккам, аранжировкасына деле көп болду. Бул чыгарманы азыр сизден башкасынын баары ырдайт болушу керек (күлүп). Көп эле ырымды ырдап жүрүшөт. Бирок ар бир чыгарманын ээси болот. Ал чыгарма кандай гана деңгээлдеги ырчы болбосун анын үнүнө тиркелип калат. Башкалар ырдаса эл көп кабыл ала бербейт. Ырды ырдасын деп жаратат. Тескерисинче жаштар биздин ырларды суранып жатканы кубандырат.

— Ырды берүүдө кандайдыр бир талаптарыңыз барбы. Айрымдар биринчи ырдатып көрүп анан жакса берет экен?

Тамада Вячеслав Мантусов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Тамада Вячеслав Мантусов: кыргыздын адабий тилин үйрөнүүгө кириштим
— Мен жаштарга эч кандай талап койгон эмесмин. Башынан эле жаштарды колдоп келгениме эл күбө. Убагында Кыргызстандын атынан желегибизди бийик көтөрүп көптөгөн конкурстарга бардым. Ал сынактан алдыңкы орундарды багындырдым. Учурда жаш ырчыларды эл аралык конкурстарга алып барып, ал жерден байгесиз келген учурларыбыз боло элек. Акыркы жолу Хакасиядан Адилет Азимов менен барып баш байгени алып келгенбиз. Үч ай мурун Азимов Башкыртстандан биринчи орунду алып келди. Эки жыл мурун ошол эле Башкыртстандан Курал Чокоев мен калыстар тобун толуктап биринчи орунду алганбыз. Прага шаарында өткөн сынакта отуз өлкө катышып калыстар тобун толуктап, Кыргызстан арттистик чеберчилиги боюнча биринчи, вокал боюнча үчүнчү орунду багындырганбыз. Демек мен кыргыз эстрадасы үчүн тамчыдай болсо дагы салымымды кошуп жатам деп айта алам.

— Кыргыз эстрадасынын төрүндө отурган барандуу ырчылардан кем эмеспиз. Калыстар тобуна эмнеге сизди чакырышат деп ойлойсуз?

— Таланттар абдан көп. Эң негизгиси адам болуп төрөлгөндөн кийин адамгерчиликтүү болушуң керек. Алдыбызда дагы чоң конкурстар турат. Кээ бирине ден соолугума, убактыма байланыштуу бара албай калып жатам. Мен барга шүгүр кылып жашаган адаммын. Учурунда эл аралык конкурстарга барыш кыйын болчу. Азыр техниканын өнүккөн заманында дүйнөнүн булуң бурчуна өзүңдүн күчүңдү сынап, конкурстарга үнүңдү жиберип катышса болот. Убагында эжелерим, тааныштарым "ии сен эмне акчаңды коротуп конкурстарга барасың, башкалар бизнес кылып жатыптыр" дей беришчү. Мен бирок исскуство деп төрөлүп, сахнадан алыс кете албайт экенмин. Бул чек эмес, көптөгөн жакшы иштер али алдыда.

— Сынактарга жаш таланттарды тандоодо кандай талаптарыңыз бар?

— Конкурстарга баргандардын сөзсүз үнүнө карайм. Анткени калыс катары отурганда өзүң кызарбагандай, ошол артист үчүн алышып, талантын тастыктай ала турчу ырчыларды алып барышың керек. Быйыл он жети жаштагы Милана Сариева деген кызыбыз өлкөнүн атынан "Чыгыш базары" сынагына барса, мен ал жакта калыс болом.

— Мекендештерге жан тартып койгон учурлар болсо керек?

— Албетте. Мисалы ал жакта мени эч ким деле тааныбайт. Кыргызстанда Айчүрөк Иманалиева болсом, эл аралык сынактарда кыргызстандан келген калыстардын мүчөсү катары тааныйт. Ошондуктан оозуңда жеткиликтүү сөзүң болушу керек. Алдыңкы орундар үчүн алышып, нервденип ооруп калган учурларым болду. Буюрса мен барган жерден үчүнчү орунга түшө элекпиз. 

© Фото / Бакыт МейманбековАйчүрөк Иманалиева: конкурстарга баргандардын сөзсүз үнүнө карайм. Анткени калыс катары отурганда өзүң кызарбагандай, ошол артист үчүн алышып, талантын тастыктай ала турчу ырчыларды алып барышың керек
Звезды тоже были детьми - Sputnik Кыргызстан
Айчүрөк Иманалиева: конкурстарга баргандардын сөзсүз үнүнө карайм. Анткени калыс катары отурганда өзүң кызарбагандай, ошол артист үчүн алышып, талантын тастыктай ала турчу ырчыларды алып барышың керек

— Жаштарга бир гана колдоо көрсөтпөстөн продюсерлик кылуу оюңузда жокпу?

— Мен кимге жардам бербейин жүрөгүмдөн, көңүлүмдөн берем. Кыргызстанда мыйзам бар. Ал бирөөлөр үчүн иштейт, башкалар үчүн иштебейт. Ошондуктан ким менен кандай мамиледе болбоюн үстүдө карап турган кудайга коем.

— Кызыңыз Аэлитаны чыгармачылыкка аралаштырам деген максатыңыз бар экенин айтып келесиз. Гүлгө суу куйгандай талантын күнүгө өстүрүп жатсаңыз керек?

КРдин Эл артисти, ырчы Гүлнур Сатылганова - Sputnik Кыргызстан
Гүлнур Сатылганова: кыялымдагы мырзаны жолуктура алган жокмун
— Жакшы тилек жарым ырыс деп коет эмеспи. Азыр кызым Шубин атындагы музыкалык мектептин фортепиано бөлүмүндө бешинчи класста окуп жатат. Буюрса кыргызымдын атын чыгарган абройлуу музыкант, ырчы болсо деген эне катары тилегим бар. Мен башыман өткөргөн кыйынчылыктарды, акыйкатсыздыкты кызым өткөрбөсө экен дейм. Ал үчүн мен бүткүл жан дүйнөмдү жумшап, элибизди, жерибизди даңктаган кыз болушун самап турган учурум. Бул тилегимдин деле ишке ашаарына аз калды.

— Дайыма жайдары жүрөсүз. Аракет кыласызбы же мүнөзүңүз ошондойбу?

— Мен деле ыйлайм. Кубанып күлгөн күндөргө салыштырмалуу ыйлаган күндөрүм көп болду. Улуу муундагы айымдардын эле катарын толуктап калдым. Дайыма бир нерселерге илээштирип, буту үзүлгөнчө чуркашып атымды булгаганга аракет кылышат. Мындай нерселер кээде адамды чыйралтат же чарчатат. Адам болгондон кийин чечилбеген нерсе болбойт, өлүмдөн башкасын сыйга, ынтымакка салып чечип алса болот деп ойлойм. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАйчүрөк Иманалиева: кечире билүү да исскуство деп ойлойм. Дайыма катачылык кетирбегенге, таарынтпаганга аракет жасайм. Кээде кечирбей турган нерсе деле болот окшойт…
Заслуженная артистка КР Айчурек Иманалиева - Sputnik Кыргызстан
Айчүрөк Иманалиева: кечире билүү да исскуство деп ойлойм. Дайыма катачылык кетирбегенге, таарынтпаганга аракет жасайм. Кээде кечирбей турган нерсе деле болот окшойт…

— Кечиримдүүсүзбү?

— Адамбыз да. Кечире билүү да исскуство деп ойлойм. Дайыма катачылык кетирбегенге, таарынтпаганга аракет жасайм. Кээде кечирбей турган нерсе деле болот окшойт…

— Баса, сулуулук салонун ачканыңызды билебиз. Бизнес катары түшүнсөк туура болобу?

— Бизнеске деле шыгым жок окшойт (күлүп). Ал салон жаңы үйдө. Астында бий залы иштеп жатат. Азыр ысык сууну күтүп жатабыз. Чоң бизнес деп айта албайм, балдарыбызга нанга май сүйкөп жегенге жетет.

— Алдыдагы пландарыңыз туурасында бөлүшө кетсеңиз?

— Чыгармачылыкта жүргөнүмө 25 жыл болуптур. Юбилейлик концертимди өткөрсөмбү деген ой-максатым бар. Убакыт мен үчүн эле өтүп жатабы десем балдарым да айтып калышат эртең менен турдук эле бат эле кеч кирип кетти деп. Сиздин душманыңыз ким деп сурашат. Мен бирөө дейм. Алар ким дегенинен бул убакыт десем көбү башкача жоопту күткөндөй туруп калышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0