Президент Атамбаев министр Түгөлбай Казаковду кабыл алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковду кабыл алуу учурунда
Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковду кабыл алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушууда мамлекет башчысы менен министр мекеменин азыркы иштери жана маданиятты өнүктүрүү жаатында бир катар маселелерди талкуулашты.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22-октябрда өлкөнүн маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковду кабыл алганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда - Sputnik Кыргызстан
Казаков: Көчмөндөр оюнунан кийин көчмөн элдин турмушуна кызыгуу күчөдү
Жолугушууда мамлекет башчысы мекеменин азыркы иштери жана маданиятты өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттары менен принциптерин ишке ашыруу тууралуу маалыматты укту.

Казаков Тарых жана маданият жылынын алкагында Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурасын сактоого жана өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралар комплексин өткөрүү жөнүндө айтып берди.

Мындан тышкары, президент менен министр маданият жана искусство мекемелерин колдоо чараларын жана маданият чөйрөсүндө ишмердикти материалдык камсыздоону жакшыртуу пландарын талкуулашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0