"Голос" долбоорундагы беттешүүдөн утулган Примбердиевди Дима Билан куткарып алды

© SputnikКыргызстандык аткаруучу Кайрат Примбердиев. Архив
Кыргызстандык аткаруучу Кайрат Примбердиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калыстар тобунун мүчөлөрү сынак катышуучуларынын аткарган чыгармаларына баа беришти. Натыйжада Леонид Агутин Владислав Венглини тандап, Кайрат Примбердиев долбоордон чыгып калды.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстандык аткаруучу Кайрат Примбердиев "Голос" телешоусундагы беттешүүдөн утулуп калса да кийинки турга өттү. Бул тууралуу теледолбоордун сайтында жарыяланат.

Жума күнү "Поединок" деп аталган кезектеги беттешүү өткөн. Шарт боюнча катышуучулар бир ырды ырдап, ага калыстар тобу өз баасын бермек.

Владислав Венгли менен Кайрат Примбердиев Майкл Жексондун "Black And White" ырын аткарышкан. Чыгарма 1991-жылы жарык көрүп, ырдын сөзү расалык гармонияга үндөйт.

Ачык сүйлөп, жайдары жүргөн ырчы Кайрат Примбердиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Кайрат Примбердиев: жубайым кыргыз эстрадасын багындырам деп турат
Натыйжада Леонид Агутин Владислав Венглини тандап, Кайрат Примбердиев долбоордон чыгып калды. Бирок калыстардын катышуучуну сактап калуу укугунан пайдаланып, кыргызстандык аткаруучуну биринчилерден болуп Дима Билан колдоп чыкты.

Добуш берүүнүн соңунда Примбердиев кийинки турга өтүп, "Нокаут" деп аталган беттешүүгө катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

"Голос" телешоусу ыр сынактарынан айырмаланып турган долбоор. Ал ырчыны көрбөй угуу, күч сынашуу, нокаут, чейрек финал, жарым финал жана финал сыяктуу бөлүктөрдөн турат. Финалга чыккан катышуучулар буга чейин тандап алган насаатчылары менен дуэт ырдашат. Долбоорго бул жолу Леонид Агутин, Дима Билан, Полина Гагарина жана Григорий Лепс калыстык кылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0