Букмекер: "Азия MIX" командасынын КВН финалында жеңүү мүмкүнчүлүгү жогору

© Фото / Марат Джуманалиев"Азия MIX" КВН командасынын оюнчулары. Архив
Азия MIX КВН командасынын оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык команда оюндун финалына жолдомо утуп алган. Чечүүчү кармашта беш команда ат салышат.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Букмекердик конторалардын биринин божомолунда КВНдин Жогорку лигасынын быйылкы сезонунда кыргызстандык "Азия MIX" командасынын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү жогору. 

Азия MIX командасы КВНдин жарым финалдык оюнунда - Sputnik Кыргызстан
"Азия MIX" командасындагы "Маратик" КВНдеги оюн тууралуу кеп курду
Эскерте кетсек, бишкектик шайырлар 7-октябрда өткөн оюндун экинчи жарым финалында алдыңкы орунду ээлеп, финалга чыккан. Беттеш 23-декабрда өтөт. Чемпиондук наам үчүн "Азия MIX" менен бирге Мурманск курама командасы, астаналык "Спарта", "Радио Свобода" (Ярославль) жана Москва мамлекеттик циркинин командалары ат салышат.

Букмекерлердин божомолу боюнча "Азия MIX" командасынын коэффициенти — 1,8. Мурманск — 3,8, "Радио Свобода" — 5, Москва мамлекеттик цирки — 8, "Спарта" — 10. Коэффиценти канчалык аз болсо, жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү ошончо жогору болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0