"Ата керээзи" тасмасы "Дидор" фестивалында лауреат болду

© Фото / Дастан Жапар уулу"Ата керээзи" тасмасынан кадр
Ата керээзи тасмасынан кадр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Дидор" фестивалынын Арт-директору Садулло Рахимов белгилегендей, "Ата керээзи" тасмасы бүгүнкү күндөгү темасынын актуалдуулугу жана мазмуну боюнча сыйлыкка ээ болду.

БИШКЕК, 21-окт. – Sputnik. "Ата керээзи" тасмасы 20-октябрда Тажикстанда өткөн "Дидор" эл аралык кинофестивалында лауреат аталды. Бул тууралуу Кинематография департаменти билдирди.

Пресс-конференция в мультимедийном центре Sputnik Кыргызстан съемочной группы кыргызской киноленты Завещание отца - Sputnik Кыргызстан
"Ата керээзи" тасмасын "Оскарга" алып баруучу топко АКШ визасы берилбей жатат
Фестивалга Кыргызстандан режиссер Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун "Ата керээзи" жана Чолпонай Бөрүбаеванын "Топурак" тасмаларын тандап алышкан.

"Дидор" фестивалынын арт-директору Садулло Рахимов белгилегендей, "Ата керээзи" тасмасы бүгүнкү күндөгү темасынын актуалдуулугу жана мазмунунун тереңдиги боюнча сыйлыкка ээ болду.

Сынакта толук метраждуу тасмалардын баш байгесине афганистандык режиссер Жамшид Махмуддун "Сүйүүгө бир канча кубометр" аттуу тасмасы ээ болгон.

Ал эми кыска метраждуу тасмалардын баш байгесине россиялык режиссер Николай Котяштын "Каждый первый" аттуу фильми татыды.

Жаңылыктар түрмөгү
0