КМШ өлкөлөрүнөн 200 өкүл Бишкектеги форумга чогулат

© Sputnik / Табылды КадырбековКМШ мамлекеттеринин желектери. Архив
КМШ мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Форумдун алкагында "Дебюттардын шериктештиги" эл аралык жаштар сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланат.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Борбор калаада 27-28 октябрда КМШга мүчө мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XI форуму өтөт. Бул туурасында Тарых жана маданият жылын өткөрүү мамлекеттик дирекциясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине 25 жыл. Гуманитардык кызматташуунун келечеги" деп аталган бул форумга тогуз мамлекеттин өкүлдөрү келет.

Кинокамера коюлган стенд. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
"Үмүт" форумуна катыша турган кыска метраждуу тасмалар аныкталды
Коноктор Армения, Азербайжан, Белоруссия, Казакстан, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Россия өлкөлөрүнөн чакырылган. 

Илим, билим жана искусство тармагынын 200гө чукул өкүлдөрү "КМШ мейкиндигинде маданий диалогду өнүктүрүү", "Шериктештиктин жалпы мейкининде билим берүүнүн кол жеткистиги жана сапаттуулугу", "Евразиялык интеграцияда жаштардын ролу", "Туризм интеграциялык процесстерди тездетүүчү фактор" деп аталган темаларында кесиптик өз ара аракеттердин аспектилерин талкуулайт.

Форумдун алкагында "Дебюттардын шериктештиги" эл аралык жаштар сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанаты болот.

КМШ мамлекеттеринен келген коноктор үчүн кеңейтилген маданий иш-чаралар программасы уюштурулган. Конокторго Михаил Лермонтовдун чыгармасынын негизинде коюлган "Демон" спектакли жана режиссер Нурлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы тартууланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0