"Ата керээзи" тасмасы эртең депутаттарга көрсөтүлөт

© Фото / Дастан Жапар уулу"Ата керээзи" тасмасынан кадр
Ата керээзи тасмасынан кадр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата керээзи" фильми Кыргызстандын атынан "Оскар" сыйлыгынын узун тизмесине киргизилген. Мындан тышкары, картинанын "Алтын глобус" сыйлыгы үчүн сынакка катышуусуна аракеттер көрүлүп жатат.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Режиссерлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун "Ата керээзи" тасмасы эртең, 20-октябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаттарына көрсөтүлөт. Бул туурасында төраганын маалымат катчысы Мирлан Токталиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, иш-чара Тарых жана маданият жылына арналууда. Алдын ала маалымат боюнча тасма Бишкектеги "Ала-Тоо" кинотеатрында көрсөтүлөт.

Ника Жолдошева: Оскарга ат салышуу үчүн бизге АКШга ачылган виза керек - Sputnik Кыргызстан
Ника Жолдошева: "Оскарга" ат салышуу үчүн бизге АКШга ачылган виза керек
Эскерте кетсек, "Ата керээзи" фильми Кыргызстандын атынан "Оскар" сыйлыгынын узун тизмесине киргизилген. Мындан тышкары, картинанын "Алтын глобус" сыйлыгы үчүн сынакка катышуусуна аракеттер көрүлүп жатат.

Ал эми тасманын авторлору чыгармачыл топтун Лос-Анжелеске баруусу үчүн АКШга виза ала албай жатканын бүгүн Sputnik Кыргызстан мультимедиалык борборунда өткөн маалымат жыйында фильмдин продюсерлери билдирген.

Алардын бири Талантбек Төлөбеков маалымат жыйындан кийин өкмөт өкүлдөрү байланышып, тийиштүү жардам көрсөтүлөрү убадалангандыгын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0