"Үмүт" фестивалы "Ата керээзи" тасмасын көрсөтүү менен башталат

© Фото / Дастан Жапар уулуФильм "Завещание отца" ("Атанын керээзи")
Фильм Завещание отца (Атанын керээзи) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасманы жарнамалоо иштери менен алектенген топ мүчөлөрүнө учурда АКШ визасы берилбей жатканын тасманын продюсери Ника Жолдошева бүгүн Sputnik Кыргызстан мультимедиалык борбордо өткөн маалымат жыйында билдирди.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. "Үмүт" фестивалы Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу тарткан "Ата керээзи" тасмасын көрсөтүү менен баштала турганын Кинематография департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, тасма фестивалдын ачылышында "Октябрь" кинотеатрында тартууланат.

"Фестивалга жалпы жонунан 50 мамлекет катышып, жабылуу аземинде казакстандык тасма көрсөтүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, аталган тасма "Оскар" сыйлыгынын узун тизмесине киргизилген. Бирок тасманы жарнамалоо иштери менен алектенген топ мүчөлөрүнө учурда АКШ визасы берилбей жатканын тасманын продюсери Ника Жолдошева бүгүн Sputnik Кыргызстан мультимедиалык борбордо өткөн маалымат жыйында билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0