Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

"Ата керээзи" тасмасын "Оскарга" алып баруучу топко АКШ визасы берилбей жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековПресс-конференция в мультимедийном центре Sputnik Кыргызстан съемочной группы кыргызской киноленты "Завещание отца"
Пресс-конференция в мультимедийном центре Sputnik Кыргызстан съемочной группы кыргызской киноленты Завещание отца - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын фильми Америка кинопремиясы үчүн ат салышмак. Бирок пиар-компаниялар АКШга кирбей калуу коркунучунда турат.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. "Ата керээзи" кыргыз киносунун чыгармачыл тобу кадыр-барктуу "Оскар" кинопремиясына катышууга даярдануу үчүн АКШга виза ала алган жок. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан мультимедиалык борбордо тасманын продюсери Ника Жолдошева билдирди.

Анын айтымында, кыргыз фильми АКШнын "Оскар" кинопремиясынын узун тизмесине кирип, "Чет тилдеги мыкты фильм" деген номинациясында ат салышмак. Андан тышкары "Алтын глобус" сынагына катышууга да мүмкүнчүлүк алмак.

"Биз "Алтын глобус" жана "Оскар" үчүн Лос-Анджелеске барышыбыз керек. Бирок актерлорго, продюсерге, жалпы топко Америка визасын берүүдөн баш тартып коюшту. Себептери айтылган жок. Бул жакта отуруп алып, кыргыз киносун жарнамалап америка кинопремиясы үчүн күрөшүү мүмкүн эмес… Көпчүлүк иштер ноябрь жана декабрь айларында болот. Эгер барбай калсак, анда фильм өтпөй калат. Мындан ары да конкурстарга катышуусу күмөн", — деди Жолдошева.

Минск шаары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
"Атанын керээзи" Минскидеги эл аралык конкурска чакырылды
Ал октябрь айында чыгармачыл топ тасманы алдыга жылдыруусу үчүн октябрь айында АКШга баруусу керектигин белгилеп, виза алууга көмөктөшүүнү суранат.

Эки саатка чукул созулган толук метраждуу "Ата керээзи" тасмасы "Кыргызфильм" жана "Элфильм" студияларында тартылып, башкы ролдордо Иман Мукул, Марат Алышпаев, Тынара Абдразаева, Бакыт Мукул жана башкалар ойногон.

Сценарийге ылайык, Америкада жашап жаткан Азат аттуу бала атасынын керээзи менен анын сөөгүн Кыргызстанга алып келет. Карыздарынан кутулуп, туугандары, достору менен жолугуп, жергиликтүү окуялардын күбөсү болот. Улам барган сайын Ата Журттун топурагы кымбат экенин сезип, Америкага кетер-кетпесин билбей арсар ойго батат.

Жаңылыктар түрмөгү
0