"Тумар" тобунун эл аралык сынакта бийлеген бийи интернетке чыкты

© Фото / группа Тумар"Тумар" бий тобу, архив
Тумар бий тобу, архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык сынактын биринчи туру 6-июнда Братислава шаарында өткөн. Финалы 29-ноябрге белгиленген.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. "Тумар" бийчилер тобунун Словакиянын баш калаасы Братиславада болгон "Чехия жана Словакия таланттарды издейт" эл аралык сынагынын биринчи турунда бийлеген бийинин видеосу эми көрүүчүлөргө сунушталды.

Бий топтун жетекчиси Эрмек Кадыровдун айтымында, ал бул сынакка 2-3 жылдан бери кат жазып келген.

"Буга чейин да бир нече ирет кат жазганбыз. Акыркы жолу жазган катыбызга апрель айында жооп алдык. Биз видео кастингден өтүптүрбүз. Ага аябай кубандык. Эл аралык сынактын биринчи туру 6-июнда Братислава шаарында өткөн. Анда биздин бийди калыстар менен залдагы көрөрмандар аябай жакшы кабыл алды. Алар бий аяктаганга чейин туруп турушту", — деди ал.

Кадыров ошондой эле жол кирени уюштуруучулар таап бергенин кошумчалады.

"Кат келгенден кийин биз бул жактан демөөрчүлөрдү издедик. Бирок колдоо көрсөтөм дегендер болбогондуктан уюштуруучуларга "биз бара албайбыз" деп кат жаздык. Уюштуруучулар өздөрү демөөрчү таап беришти", — деди Кадыров.

Анын айтымында, сынактын финалы 29-ноябрда өтөт. Учурда бийчилер демөөрчүлөрдү издеп жатышат.

"Тумар" бийчилер тобу ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендигине карабастан коляска отуруп өнөрүн көргөзүп келишет. Аталган топ буга чейин Кытай, Казакстан, Германия, Түркия, Гонконгдо Кыргызстандын желегин желбиреткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0