"Үркүн" тасмасы Кыргызстанды түрө кыдырып чыгат

© SputnikАфиша фильма "Уркун" на одном из кинотеатров Бишкека
Афиша фильма Уркун на одном из кинотеатров Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасмага Медин Учкеев режиссерлук кылса, Мухтар Атаналиев продюсери болгон.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Кыргыз элинин 100 жыл мурун башынан өткөргөн кайгылуу тарыхын чагылдырган "Үркүн" тасмасы өлкөнүн облустук борборлорунда элге тартууланып жатканын "Саякбай манасчы" коомдук фондусунун мүчөсү, белгилүү манасчы Улан Исмаилов билдирди.

Эскерте кетсек, аталган тасманын бет ачары 12-октябрда Бишкектеги "Манас" кинотеатрында өткөн.

Исмаиловдун айтымында, алгач "Үркүн" Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында көрсөтүлгөн. 

"Эми Жалал-Абад, андан кийин Баткен, Ош, андан соң Талас, Нарын облустарынын борборлорунда көрсөтүлөт. Эң аягында Чүй облусуна келет", — деди ал. 

Тасма Тарых жана маданият жылына, ошондой эле 1916-жылдагы кѳтѳрүлүштүн 100 жылдыгына карата тартылып, Нурбек Айбашев башкы демөөрчү болгон. "Үркүн" киносуна Медин Учкеев режиссерлук кылса, Мухтар Атаналиев продюсери болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0