Буранада Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы белгиленүүдө

Жазылуу
Археологиялык комплекстин жанында театрлаштырылган оюн-зоок, майрамдык концерт жана маданий-массалык жүрүштөр өтөт.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Чүй районундагы "Бурана" архитектуралык-археологиялык комплексинде бүгүн Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтөт. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жусуп Баласагындын улуттук университет алдындагы айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жусуп Баласагын жана "Кут алчу билим" дастаны туурасында кызыктуу 20 факты
Улуу ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын белгилөө президент Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен жарыяланган Тарых жана маданият жылынын алкагындагы маанилүү иш-чаралардын бири.

Иш-чаранын жүрүшүндө археологиялык комплекстин жанында театрлаштырылган оюн-зоок, майрамдык концерт жана маданий-массалык жүрүштөр өтүп жатат.

Иш-чарага премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана президентинин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0