БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Бүгүн кыргыз аялдарынан чыккан алгачкы адис сүрөткер, Кыргыз эл сүрөтчүсү, акын Шакен Мамбетаипованын эмгектеринин көргөзмөсү ачылат. Бул туурасында аталган иш-чараны уюштуруучулар кабарлашты.
Кыргызстанда Мамбетаипова элдик жасалга-колдонмо өнөрдүн уюткусун сактаган адам катары таанымал. Ал өз чыгармаларында элдик уздардын салттуу өнөрүн улантуу менен алардын эң сонун жетишкендиктерин профессионал сүрөтчү катары өз заманындагы турмуш чындыгын чагылдырууда жаңычылдык менен пайдаланган.
"Ал элдик стилдин негизги салттарын кылдаттык менен өздөштүрүп, ар кандай материалды өз идеясын бериш үчүн билгичтик менен пайдаланган. Эл менен, табият менен, элдик искусство менен аралаш жашоо Шакен Мамбетаипованын чыгармаларына өзгөчө дем берип турат", — деп айтылат маалыматта.
Жалпысынан Шакен Мамбетаипованын жасалга-колдонмо багытындагы эмгектери республикабыздан тышкары Монреаль, Москва, Санкт-Петербург, Кишинев, Ташкент, Душанбе, Ашхабад, Алматы сыяктуу шаарларында, айрымдары Алжир, Монголия, Индия, Болгария, Германия, Түркия сыяктуу өлкөлөрдүн музейлеринин туруктуу экспонаты болуп калган.
Автордун ар кыл эмгектери Кыргыз Совет энциклопедиясына басылып, чет элдик басма сөздө да жарыяланган.
СССР убагында СССР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болуп, "Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер" ардактуу наам алган. Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгондон кийин 1993-жылы кыргыз аялдарынын ичинен биринчи болуп "Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү" аттуу наамга татыктуу болгон.
Шакен Мамбетаипова сүрөтчү гана эмес, мыкты ырларды жарата билген акын катары да кеңири белгилүү. Анын "Кыргыз пейили", "Ырлар", "Байыркы жылдыздар", "Улуу тоолор" аттуу ыр жыйнактары жарык көрүп, окурмандардын сүймөнчүгүнө айланган.