"Азия MIX" ойной турган КВНдин финалы 23-декабрда өтөт

© Фото / Сергей Андрианов"Азия MIX" КВН командасы, Архив
Азия MIX КВН командасы, Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык команда экинчи жарым финалдык оюнда жеңишке жетишип, финалда ойноого укук алган.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Шайырлар жана тапкычтар клубунун быйылкы сезондогу жыйынтыктоочу беттешти 23-декабрда Москвада өтөрү КВНдин эл аралык бирикмесинин сайтына жарыяланды. 

Азия MIX командасы КВНдин жарым финалдык оюнунда - Sputnik Кыргызстан
"Азия MIX" командасындагы "Маратик" КВНдеги оюн тууралуу кеп курду
Башкы оюн Россия армиясынын борбордук академиялык театрынын имаратында өтөт. Чемпион аталуу үчүн "Азия MIX" менен бирге Мурманск курама командасы, астаналык "Спарта", "Радио Свобода" (Ярославль) жана Москва мамлекеттик циркинин командалары ат салышат.

"Азия MIX" 7-октябрда өткөн экинчи жарым финалдык оюнда мыкты аталып, финалга өткөн. Бул кыргызстандыктарды кубанткан биринчи учур эмес. Аталган команда 2015-жылдын июль айында "Голосящий КиВиН — 2015" сынагында байгеге татыган

Жаңылыктар түрмөгү
0