Алматыда өткөн бий сынагында кыргызстандыктар эки медалга ээ болушту

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүБийчилер, архивдик сүрөт
Бийчилер, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Юниоры-1" категориясында алтын медалды кыргызстандык бийчилер Алишер Сейдалиев менен Айбийке Нурланова илип кетти.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Алматы шаарында 8-9-октябрь күндөрү Union Dance Plaza — 2016 аталышындагы бий турнири өттү. Аталган жарышта кыргызстандыктар эки медаль тагынгандыгын КРдин Бий спорту федерациясы билдирди.

© Фото / пресс- служба Федерации танцевального спорта КРАлматыда өткөн спорттук-кече бийи боюнча Union Dance Plaza эл аралык турнирдин байге ээлери
Турнир по спортивно-бальным танцам Union Dance Plaza — 2016 в Алматы - Sputnik Кыргызстан
Алматыда өткөн спорттук-кече бийи боюнча Union Dance Plaza эл аралык турнирдин байге ээлери

"Юниоры-1" категориясында алтын медалды кыргызстандык бийчилер Алишер Сейдалиев менен Айбийке Нурланова утса, Дмитрий Блинков менен Асел Мамбетова "Ювеналы-2" категориясында экинчи орунга татышты. 

10 өлкөнүн бийчилери катышкан бий турнири ушуну менен Алматы шаарында экинчи ирет өттү. 

Жаңылыктар түрмөгү
0