"Азия MIX" командасындагы "Маратик" КВНдеги оюн тууралуу кеп курду

© Фото / Марат Джуманалиев"Азия MIX" командасы КВНдин жарым финалдык оюнунда
Азия MIX командасы КВНдин жарым финалдык оюнунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Азия MIX" командасынын КВНдин финалына чыгуусу кыргыз күйөрмандарына кубаныч тартуулап, социалдык тармактарда дароо талкууга алынды.

Эске сала кетсек, кечээ КВНдин жарым финалдык оюндары өтүп, анда "Азия MIX" командасы биринчи орунга чыгуу менен финалга өткөн

Sputnik Кыргызстан агенттиги учурдан пайдаланып, команданын мүчөсү Маратикти (Марат Жуманалиев) кепке тартты.

— Оюн алдында маанай кандай болду?
— Баарыбыздын маанайыбыз жакшы болуп, катуу аракет кылдык. Биз оюнга эки ай мурун эле даярдана баштаганбыз. Деги эле команда мүчөлөрү КиВиНден бери даярданышууда. 

Facebook социалдык тармагынын Нестана Сталбекова колдонуучунун бетинен тартылып алынган сүрөт - Sputnik Кыргызстан
"Aзия MIX" командасынын оюнчусу Эрмек Кененсаров кыздуу болду
— Жарыш алдында финалга чыгарыңарды сездиңиз беле? 
— Финалга чыгуу бардык КВНчилердин кыялы. Бирок биздин максат чемпион болуу. 

— Күйөрмандар тууралуу кеп кылсак…
— Биздин күйөрмандар азаматтар. Оюндун башынан аягына чейин колдоп турушту. Деги эле жалпы коноктор "Азия MIX" командасына баам берип турушту. 

— Калыстар тууралуу…
— Биздин оюнубузду калыстар туура баалашты. Аларга эң көп жакканы "Музыкалка" конкурсу болду. Калыстардын мүчөсү Михаил Галустян "Азия MIX" таң калтырганын билдирди. 

— Бишкекке качан кайтасыңар? Күйөрмандар жакынкы күндөрү оюнду көрө алабы?
— Буюрса 10 күндөн кийин мекенибизге кайтабыз. Ал эми оюнду качан көрсөтөрүн айта албайм. Негизи эки аптадан кийин көрсөтчү. 

— Финалга даярдыктар кандай болот?
— Азырынча эс алабыз. Калыстардын жетекчиси Константин Эрнст оюн бүйүр кызытарын айтты. 

Оюндун дагы бир мүчөсү Бахтияр Касымалиев оюн абдан "ысык" болгонун кошумчалады. 

"Бир гана позитивдүү комментарийлер болушу мүмкүн. Баары ойдогудай болду", — деди Касымалиев. 

Белгилей кетсек, финалга "Азия MIX" командасынан сырткары "Спарта", Мурманск курама командасы, Москва цирк курамасы жана Ярославль командалары өтүштү. 

Жаңылыктар түрмөгү
0