Күзгү Бишкек. Шаардыктар үчүн майрам уюштурулат

Жазылуу
Күзгү майрамдын алкагында Бишкек шаарында концерт, көргөзмө болот.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. "Күзгү Бишкек" майрамы эртең борбор калаада өтөрүн мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Концерт, конкурстар жана көргөзмө шаардык маданият башкармалыгы тарабынан уюштурулат. Ага чыгармачыл жамааттар, маданият үйлөрү катышат.

Праздничные мероприятия к 3016-летию города Ош - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарынын күнүндө 500 комузчу "Маш ботойду" аткарышты
Ататүрк атындагы паркта саат 15.00дө улгайгандар үчүн концерт болуп, орус ырларынын элдик "Радуга" ансамбли өз өнөрүн тартуулайт.

"Асанбай" паркында саат 16.00дө ушу менен машыккан спортчулардын өнөрүнө күбө болууга болот. Андан кийин "Ынтымак ыры" ансамбли концерт көрсөтөт.

"Жаш Гвардия" проспектисинде саат 15.00дө китеп көргөзмөсү ачылат. Ошондой эле бир сааттан кийин балдар үчүн конкурс өтөт.

Панфилов атындагы паркта саат 16.00дө "Кыргыз Руху" ансамбли келген кишилердин көңүлүн көтөрүп, өнөрлөрүн тартуулашат. 

Буга чейин "Күзгү Бишкек" иш-чарасы 17-сентябрда өткөрүлүп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0