National Geographic Кыргызстан тууралуу роликти өз сайтына жайгаштырды

© Фото / Геннадий ЗакировШамси капчыгайы. Архивдик сүрөт
Шамси капчыгайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биздин өлкө тууралуу 4К-форматтуу ролик атактуу режиссер Тимур Тугалев жана блоггер Сара Иззи тарабынан тартылган.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. "National Geographic Россия" атактуу журналы Кыргызстан тууралуу роликти өзүнүн сайтына жайгаштырды. Аталган ролик "Lost In Kyrgyzstan" (Кыргызстанда адашкан) деп аталат. 

Биздин өлкө тууралуу 4К-форматтуу ролик атактуу режиссер Тимур Тугалев жана блоггер Сара Иззи тарабынан тартылган. Ал буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттигине роликтер Соң-Көл, Ысык-Көл жана Орто-Токой суу сактагычтарында тартылгандыгын билдирген.

LOST IN KYRGYZSTAN — 4K from The Lost Avocado on Vimeo.

"Сара жер жүзүндөгү кооз жерлер бар экенин көрсөтүп, алардын өзгөчөлөгүн ачып келет", — деп айтылат журналдын маалыматында. 

Эске сала кетсек, роликтер италиялык белгилүү The Lost Avocado блогуна да жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0