"Азия MIX" бүгүн КВНдин финалына чыгуу үчүн ат салышат

© Фото / Марат ДжуманалиевКыргызстандын "Азия MIX" командасынын архивдик сүрөтү
Кыргызстандын Азия MIX командасынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Финалга ойнотулган эки жолдомо үчүн төрт команда күч сынашат, анын ичинде Кыргызстандын "Азия MIX" тобу бар.

БИШКЕК, 7-окт. —Sputnik. Кыргызстандын "Азия MIX" командасы Тапкычтар жана шайырлар клубунун Жогорку лигасынын финалдык бөлүгүнө чыгууга ири мүмкүнчүлүгү бар. Мындай божомолун букмекердик конторанын бири айтты.

Facebook социалдык тармагынын Нестана Сталбекова колдонуучунун бетинен тартылып алынган сүрөт - Sputnik Кыргызстан
"Aзия MIX" командасынын оюнчусу Эрмек Кененсаров кыздуу болду
Жарым финалга сегиз команда чыгып, алар эки топко бөлүнгөн. 30-сентябрда биринчи жарым финалдык оюн өтүп, кийинки этапка Мурманск шаарынын командасы менен "Спарта" чыккан. Бүгүн экинчи жарым финалдык беттешүү өтүп, анын жыйынтыгы менен калган эки команда аныкталат. 

Мында "Азия MIX" менен Москва мамлекеттик цирк, "Доброжелательный роман" (Санкт-Петербург), "Радио Свобода" (Ярославль) командалары ат салышат. 

Букмекерлердин айтымында, биринчи орун үчүн "Азия MIX" командасынын мүмкүнчүлүгү жогору болуп саналат — коэффициенти 2. Москва мамлекеттик цирк — 3,5, Санкт-Петербург командасыныкы — 4, Ярославль командасыныкы 5,5 болуп саналат. Ал эми кимдин коэффициенти эң аз топтун жеңишке болгон мүмкүнчүлүгү жогору.

Жаңылыктар түрмөгү
0