Азамат Жаналиев Санкт-Петербург шаарынан Пётр Iдин портретин тартты

© Фото / Азамат ЖаналиевКыргызстандык активист Азамат Жаналиев Россиянын Санкт-Петербург шаарында Петр Биринчинин портретин мык жана жип менен (стринг арт ыкмасы) тартты.
Кыргызстандык активист Азамат Жаналиев Россиянын Санкт-Петербург шаарында Петр Биринчинин портретин мык жана жип менен (стринг арт ыкмасы) тартты. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал сүрөттү беш күндө тартып бүткөн. Учурда шаардагы музейлерге тапшыр деген сунуштар болуп жатканын Жаналиев кошумчалады.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Кыргызстандык активист Азамат Жаналиев Россиянын Санкт-Петербург шаарында Петр Биринчинин портретин мык жана жип менен (стринг арт ыкмасы) тартты. Бул тууралуу автор өзү Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

© Фото / Азамат ЖаналиевКыргызстандык активист Азамат Жаналиев Россиянын Санкт-Петербург шаарында Петр Биринчинин портретин мык жана жип менен (стринг арт ыкмасы) тартты
Изготовление портрета Петра I в стиле String art  - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык активист Азамат Жаналиев Россиянын Санкт-Петербург шаарында Петр Биринчинин портретин мык жана жип менен (стринг арт ыкмасы) тартты

Анын айтымында портретти беш күндө тартып бүткөн.

"Азырынча тарткан сүрөтүмдү бул жактагы музейлерге тапшыр деген көп сунуштар болуп жатат. Дем алыш күндөрү болуп калгандыктан музейлер менен сүйлөшүүлөрдү дүйшөмбү күнү жүргүзөм", — деди ал.

Жаналиев учурда Санкт-Петербургда жашаган мекендештердин үйүндө убактылуу жашап жатканын, кийинки сапары Түркияга болорун айтты. 

© Фото / Азамат ЖаналиевПетр Биринчинин мык жана жип менен (стринг арт ыкмасы) менен тартылган портрети
Изготовление портрета Петра I в стиле String art  - Sputnik Кыргызстан
Петр Биринчинин мык жана жип менен (стринг арт ыкмасы) менен тартылган портрети

"Эми Түркиянын Анкара шаарындагы мекендештердин чакыруусу менен ал жакка барсамбы деп жатам. Түркиянын негиздөөчүсү деп аталган Ататүрктүн сүрөтүн дагы стринг арт ыкмасы менен тартсам деп пландап жатам", — деди ал.

Андан кийин Дубайга сапар алууну пландагандыгын кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин Жаналиаев улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сүрөтүн тарткан. Ошондой эле Чеченстандын биринчи президенти Ахмад Кадыровдун сүрөтүн тартып, аны азыркы президент Рамзан Кадыровго тапшырууну пландаган. Бирок, түрдүү себептерден улам ал сүрөтүн Рамзан Кадыровдун өзүнө тапшыра элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0